Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ АКШнын ПАТЕНТТИК МЕКЕМЕСИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ АКШнын ПАТЕНТТИК МЕКЕМЕСИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

АКШда, 2023-жылдын 3-августунда Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары Исламбек Мойдинов жетектеген Кыргызпатенттин делегациясы

АКШнын Патент жана товардык белгилер боюнча мекемесинин директорунун орун басары Валенсия Мартин менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен АКШнын патенттик ведомстволорунун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү багытында сүйлөшүштү. Тактап айтканда, өз ара тажрыйба алмашуу жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, интеллектуалдык менчик тармагында окутуу, ошондой эле биргелешкен семинар-тренингдерди өткөрүү боюнча иштер белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Исламбек Мойдинов интеллектуалдык менчик жаатында кызматташууну бекемдөөгө жана алакаларды өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу Меморандумга кол коюуну сунуштады.

Валенсия Мартин айым бул маселени иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен бирге, ведомстволор ортосунда жаңы алгылыктуу мамилелерди калыптандырууда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын аткарып жаткан иштерин өзгөчө белгиледи.

АКШнын Глобалдык Интеллектуалдык Менчик Академиясынын патенттик ведомстволордун кызматкерлерин окутуу программасынын алкагында өткөн жыйынга Кыргызпатенттин Товардык белгилерге экспертиза жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Кудайбердиева да активдүү катышты. Товардык белги боюнча программа — башкаруу, пландарды түзүү, келишим протоколдору жана окутуу багытында иштелип чыккан. Программа товардык белгиге экспертиза жүргүзүүнүн жол-жоболору боюнча тематикалык талкууларды жана изилдөөлөрдү камтыйт.