Бишкекте, Инновациялык борбордо, 27-28-июль күндөрү, «Интеллектуалдык менчик тармагындагы саясат жана трансфер технология» боюнча семинар өтүп жатат. Иш-чараны АКШнын «Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасы» жана Кыргызпатент биргелешип уюштурган.
Семинарда АКШнын Бостон жана Корнель университеттеринин профессорлору, Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасынын юристтери, АКШнын Соода министрлигинин өкүлдөрү — ойлоп табууларды патенттеп эле тим болбой, коммерциялаштырып, кирешеге айлантуу боюнча тажрыйба бөлүшүүдө.
Алар – ойлоп табууларды патенттөө үчүн, документ тапшыруудан тартып, ишти эффективдүү жүргүзүүгө чейинки жолду үйрөтүп, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана коммерциялаштыруу саясаты боюнча шаблон иштеп чыгууга көмөктөшүүдө.
Семинарга — Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтерден, Ишкерлер ассоциациясынан өкүлдөр келип катышты. Ошондой эле, жергиликтүү ишкерлер, Жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери, ойлоп табуучулар чакырылган. Катышуучулардын айтымында, семинар пайдалуу маалыматтарды алууга өбөлгө түзүүдө.
Долбоордун натыйжасы менен, Кыргызстанда, технологияларды трансферлөө борборун ачуу пландалууда. Андан тышкары, семинардын аркасы менен, Кыргызстан үчүн пайдалуу сүйлөшүүлөр жүрүп, келечекте, АКШнын ири мекемелерине биздин ишкерлерди тажрыйба алмашууга жолдоо боюнча аракеттер болуп жатат,-деп билдирди Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева.