Кыргызпатенттин расмий сайты
 
«40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН ИННОВАЦИЯЛЫК ДЕМИЛГЕСИНИН БЕТАЧАРЫ

«40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ» ДОЛБООРУНУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮНҮН ИННОВАЦИЯЛЫК ДЕМИЛГЕСИНИН БЕТАЧАРЫ

Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow

2-августта, «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүсү А.Апитаев өзүнүн «Basaalam» инновациялык демилгесинин бет ачарын өткөрдү. Иш-чарага, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева катышты.

«Basaalam» — өлкөдөгү церебралдык параличке кабылган балдарды, инсульт же нерв ооруларынан кийин ар кандай себептер менен басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдарды калыбына келтире турган ортопедиялык жабдуу чыгаруучу алгачкы цех.

Чүй облусунун Чүй районун жердеген ишкер, церебралдык паралич менен жабыркаган балдарды жана жамбаш-кашка жилик, бел курчоонун, жана арка омурткалардын майыптыгын, инсульттан кийин шал жана неврологиялык илдеттерди калыбына келтирүүгө керектелчү ортопедиялык буюмдарды даярдоо боюнча цех ачкан.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, үй шартында же медициналык мекемелерде патологиялык көрүнүштөрдү коррекциялоочу жабдууларды жасап чыгаруу менен алектенип келет. Анын негиздөөчүсү Автандил Апитаев иштеп чыккан жабдуулар өлкө рыногуна 3 жылдан бери чыгарылып, анын жардамы менен басып кеткен балдар да бар. Соңку 2 айда эле 6 даана жабдуу чыгарылган.

Кыргызпатент уюштурган «40 райондон 40 демилге» сынагына долбоор жазып катышып, утуп алган Автандил Апитаев, 994 600 сомго жабдууларды жана материалдарды сатып алган.

Ишкананын ачылыш аземинде, ишкер журналисттерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана Кыргызпатенттин жетекчилигине, цехте жасалган ортопедиялык жабдуусу жана долбоордун алкагында сатылып алынган техникалык жабдуулары тууралуу маалымат берди.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын маалыматында, “40 райондон 40 демилге” долбоору 5 жылга эсептелген. 2022-жылы алгачкы ирет өткөрүлүп, ага 97 өтүнмө келип түшүп, 8 инновациялык долбоор жеңүүчү деп табылган.

Ал эми быйыл – “40 райондон 40 демилге” долбооруна катышуу үчүн өтүнмө бергендердин саны өсүп, 245ке жетти. Андан тышкары, стартап долбоорлорго да сынак жарыяланып, анын жеңүүчүлөрүнө 500 миң сомго чейинки кайтарымсыз колдоо көрсөтүлөт.