Официальный сайт Кыргызпатента
 
КЫРГЫЗПАТЕНТ ЖАНА И. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММА ОРТОСУНДА ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

КЫРГЫЗПАТЕНТ ЖАНА И. АХУНБАЕВ АТЫНДАГЫ КММА ОРТОСУНДА ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

2024-жылдын 18-июнунда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова менен өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын февраль айында Кыргызпатент жана КММА биринчи жолу медицина тармагында интеллектуалдык менчик объектилерин даярдоого жана каттоого багытталган профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүштү, анткени медицинадагы ачылыштар, инновациялар жана долбоорлор медицина тармагын өнүктүрүүдө, коомдун, айрыкча адамдын ден соолугун сактоодо негизги ролду ойнойт.

Ошондой эле, Кыргызпатенттин кызматкерлеринин ичинен интеллектуалдык менчик боюнча мугалимди тиешелүү эмгек акы менен бекитүү жөнүндө КММА менен макулдашууга кол коюлган. Белгилей кетсек, талапкерлер тандалып алынган жана Кыргызпатенттин жетекчилиги менен макулдашылган. Бул мугалим мындан ары тажрыйбасы менен бөлүшөт жана интеллектуалдык менчик маселелери боюнча сабак берет.

Тараптар окутуучу иш-чараларды өткөрүүдө кызматташууну улантуу ниеттерин билдиришии. Окутуучу иш-чараларды гана эмес, башка биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду пландаштырууга мүмкүнчүлүктөр бар,-дешет иш-чаранын катышуучулары.