Официальный сайт Кыргызпатента
 

2024-жылдын 3-июлунда “Аймактарда стартап экосистемасын өнүктүрүү” воркшоп семинары болуп өттү. 
 
Эске салсак, 2024-жылдын 23-апрелинде “Өлкөнү өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар: жаркын келечекке бирге” улуттук форумунун алкагында өлкөбүздүн аймактарында стартаптарды колдоо боюнча кызматташуу жана семинарларды уюштуруу жөнүндө Кыргызпатент менен Конрад Аденауэр атындагы фонддун ортосунда макулдашууга кол коюлган. 
 
Бул — ошол макулдашуунун алкагында, стартапчылар үчүн Ош шаарында уюштурулган алгачкы семинар болууда. Келечекте ушул сыяктуу семинарлар ар бир областта өтөөрү күтүлүүдө. 
 
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агентсттигинин директору Рахат Керимбаева катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. 
 
“Бүгүнкү иш-чара биз инновация жана стартап экосистемасы жаатындагы билимди жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында түштүк аймактардан бизнес-инкубаторлордун жана стартаптардын өкүлдөрүн чогулткан биринчи семинар болуп саналат.
Мен сиздерди биздин аймактарда стартап экосистемасынын өнүгүшүнө арналган булмаанилүү иш-чарага тосуп алууга кубанычтамын. 
 
Стартап экосистемасы өлкөбүздүн экономикалыкөнүгүүсүндө жана инновациялык прогрессинденегизги ролду ойнойт. Бүгүн биз бул жергеаймактардагы жаш стартаптарды колдоонунмаанилүү маселелерин талкуулоо үчүн чогулдук.
 
Кыргызстан инновациялык жана технологиялыкишкердиктин борбору катары тез өнүгүп жатат. Биздин өлкө таланттуу жана амбициялууадамдардын, инновациялык идеялардын жана бизсунуштаган уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдүнаркасында стартап мейкиндигинде эбегейсиз зорпотенциалга ээ.
 
Университеттердеги жана илим изилдөө мекемелериндеги инновациялар – прогресстин маанилүү кыймылдаткычтарынын бири экенин белгилей кетели. Университеттерде жана башка билим берүү мекемелеринде окутууга жана изилдөөлөргө чыгармачылык менен мамиле кылуу, жаңы технологиялардын өсүшүнө шыктандырат жана экономиканын ар түрдүү секторлорунда студенттердин стартаптарын ишке ашырууга көмөктөшөт”-деди Рахат Керимбаева өз сөзүндө.