Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ РАХАТ КЕРИМБАЕВА КР УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНДЕ КУТТУКТОО СӨЗҮН СҮЙЛӨДҮ 

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ РАХАТ КЕРИМБАЕВА КР УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНДЕ КУТТУКТОО СӨЗҮН СҮЙЛӨДҮ 


 
2024-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын 70 жылдык мааракеси өттү. Эл аралык деңгээлдеги ири иш-чарага мекеменин өнөктөштөрү, илимпоздор жана чет мамлекеттен меймандар чакырылган. 
Салтанаттуу жыйынга Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.  
 
Рахат Топчубаевнанын айтымында, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун маалыматы боюнча, азыркы учурда интеллектуалдык менчиктин активдери жана материалдык эмес активдер дүйнөлүк экономикада өтө чоң баалуулукка  ээ болууда жана алардын жалпы баасы дээрлик 65 трлн АКШ долларларына барабар. Россия Федерациясында коммерциялык компаниялардын материалдык эмес активдеринин көлөмү учурда 14,9 трлн рублди түзөт.
 
 2022-2026 – жылдарга Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында аткарылып жаткан долбоорлор мамлекетибизде интеллектуалдык менчиктин жана инновациянын тең салмактуу жана натыйжалуу экосистемасын түзүүгө зарыл шарттарды камсыз кылуу,  азыркы учурдун   маанилүү талаптары экендигин дагы бир жолу тастыктоодо
 
Учурда аталган системанын көпчүлүк  элементтери, атап айтсак, ченемдик укуктук база, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн институту, сот системасынын жана укук коргоо органдарынын тиешелүү структуралары, бажы жана монополияга каршы иш жүргүзүүчү органдардын бөлүмдөру,  инновациялык борборлор, жогорку окуу жайларынын алдында түзүлгөн  технопарктар жана бизнес инкубаторлор жана башкалар түзүлүп, натыйжалуу иштерди жүргүзүп жатышат. 
 
Атап айтсак, акыркы үч жылдын ичинде “40 райондон 40 демилге”  жана “Студент стартап” сынактарынын алкагында тандоого 738 долбоор келип түштү. Учурда “Интеллект маркет” санариптик платформаны, жалпы билим берүү уюмдарында жана кошумча билим берүү мекемелеринде  инновациялык класстарды түзүү жана башка долбоорлор ишке ашырылууда.
 
Жогоруда аталган долбоорлордун дагы бир максаты — бул мектеп окуучуларын изилдөө, ойлоп табуучулук жана инновациялык ишке тартууга, ошондой эле алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык дараметин ачуу аркылуу аларда креативдүү жана сын ой жүгүртүүсүн өрчүтүүгө мүмкүндүк түзүү. 
 
Ушуга байланыштуу республиканын бардык аймактарында ойлоп табуучулардын, жаңычылдардын, креативдүү индустриянын өкүлдөрүнүн жаңы муунун даярдоо милдети коюлуда,-деди өз сөзүндө Рахат Керимбаева.