Кыргызпатенттин расмий сайты
 

КЫРГЫЗПАТЕНТ ЖАРАНДАР МЕНЕН ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШТА

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) өлкө жарандарынан келген суроо жана кайрылууларына жооп берет. Андыктан сиздерде биздин ишмердүүлүккө байланышкан кандайдыр-бир суроолор же кайрылуулар болсо биздин Фейсбук жана Инстаграмм баракчаларыбыздагы постторго комментарий катары же жеке кат куржунубузга жөнөтсөнүздөр болот. Биз ал кайрылууларды info@patent.kg электрондук дарегине жиберебиз. Ал жактан Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте каралат. Жарандардын кайрылуулары боюнча толук маалымат мындан ары ар бир кварталдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.

https://www.facebook.com/kgpatent

https://www.instagram.com/kyrgyzpatent.kg/