Кыргызпатенттин расмий сайты
 

ЭЛЕКТРОНДУК ТИРКЕМЕ


ЭЛЕКТРОНДУК АРЫЗ БЕРҮҮ ТУТУМУНА КИРҮҮ ҮЧҮН, АЛГАЧ КОЛДОНУУ БОЮНЧА НУСКАМАНЫ КАРАП ЧЫГЫҢЫЗ :

Токенди пайдалануу жана системага электрондук өтүнмө берүүнү колдонуу боюнча ЭЛЕКТРОНДУК ТИРКЕМЕ

1.  Квалификациялуу электрондук кол тамганы (КЭП) КЭП колдонуу менен интеллектуалдык менчик объектисине электрондук тиркеме аркылуу каттоого өтүнмө бере аласыз. Системага электрондук өтүнмө берүүдө электрондук кол тамганы (Токен) колдонуу үчүн өзүнүздүн компьютерге — «Рутокен плагинин» орнотушуңуз зарыл. Токендин туура иштеши үчүн зарыл болгон атайын браузер плагинин орнотуу керек, ал аныктоого жана алар менен иштөөгө мүмкүндүк берет. Плагинди колдонууда тиешелүү Орнотуу файлын көчүрүп аны компьютерге орнотуу керек. Нускамада көрсөтүлгөн сунуштарды аткарыңыз жана орнотуу процесси аяктагандан кийин, компьютерге USB-Токеннин туташтырыңыз. Плагинди сайтка орнотуу үчүн https://www.rutoken.ru шилтемеге өтүңүз . Плагинди орнотуу бир нече чыкылдатуу менен жүргүзүлөт.

  • Интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого өтүнмөлөрдү электрондук берүү системасына кирүү мүмкүндүгүн берүү жөнүндө арыз (мындан ары — арыз) Кыргызпатентке төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек: info@patent.kg.
  • Электрондук почта аркылуу жиберүүдө арыз жана квалификациялуу электрондук кол тамганын ачык ачкычын экспорттоо файлы, паспортуңуздүн көчүрмөсү камтылышы керек.
  • Экспорттоо файлынын форматы X.509 (.CER) кодировкасы BASE64 болушу зарыл.
  • КЭП Кыргыз Республикасынын аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорунун бири тарабынан чыгарылышы керек.
  • КЭП арыз берилген жана каралган учурга карата колдонулууга тийиш.
  • Интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого өтүнмөлөрдү электрондук берүү системасына (мындан ары-Система) кирүү мүмкүндүгү ал жөнүндө маалыматтар тиркелген экспорт файлында берилген жак үчүн ачык болот.
  • Арызда көрсөтүлгөн маалыматтар КЭПтин сертификатында берилген маалыматтардан дал келбеген учурда арыз четке кагылат.
  • Арыз канааттандырылган учурда, ага тете эле ал четке кагылган учурда, арыз ээси бул тууралуу электрондук почта аркылуу кабар алат.
  • Бул арыз канааттандырылган учурда кирүү үчүн логин жана пароль электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

2.  Квалификациялуу электрондук кол тамганы (КЭП), КЭП колдонбостон, расмий арыздар үчүн Кыргызпатентке кол коюлган арыздын кагаз түрүндөгү вариантын берүү зарыл жана Кыргызпатент аркылуу берилген логин менен сыр сөздү колдонуп системанын жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар, мындан сиз Интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого электрондук өтүнмө берип жана алардын статустарды жана кат алышууну көрүү жеткиликтүү.

3.  Системага ЕСИА системасы аркылуу жеке кабинетке кириңиз, ал үчүн бирдиктүү идентификациялоо системасына (мындан ары — БИС) катталыңыз.


ЖЕКЕ КАБИНЕТКЕ КИРҮҮ


4 .  БИС системасында катталуу үчүн https://esia.tunduk.kg шилтемеси боюнча өтүшүңүз керек же жашаган жериңиздеги Калкты тейлөө борборуна кайрылыңыз.