Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТ БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫККА САРЕСЕП САЛДЫ

КЫРГЫЗПАТЕНТ БИРИНЧИ ЖАРЫМ ЖЫЛДЫККА САРЕСЕП САЛДЫ

Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын караган басма сөз жыйынын өткөрдү. Ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышып, өздөрү кызыккан суроолорго жооп ала алышты.

Жыйында алгач Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жарым жылда жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча даярдалган презентациясы менен чыгып, маалымат берди.

2026-жылга чейинки мамлекеттик жана улуттук өлкөнү өнүктүрүү программасынын негизинде иштер жүрүп жаткандыгын кабарлады.  

Кыргызпатенттин негизги багыттары белгиленди, алар: интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, аларга экспертиза жана каттоо жүргүзүү, авторлордун, аткаруучулардын жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу, инновацияларды өнүктүрүү.

Жыл башынан бери 5 долбоор Министрлер Кабинети  тарабынан бекитилген жана  учурда 3 ченемдик укуктук актыны Президентик Администрация кароодо. Атайын уюштурулган улуттук форумунун алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкы директорунун орун басары Марко Алемандын эки тараптуу жолугушуу өткөн.  2024-жылдын март айында  жалпы байге фонду 3000 АКШ долларын түзгөн “Startup Nation Spring” мини хакатону өтүп, жыйынтыгында 139 команданын ичинен 30 команда финалга чыгып, үч мыкты  долбоор жеңүүчү болуп аныкталган. Ал эми эң ири долбоор “40 район – 40 демилгеге” 206 өтүнмө катталып, атайын  комиссиянын төрагасы Э.Ж. Байсаловдун катышуусунда 34 долбоор тандалып алынган.

Ачык кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү өркүндөтүү максатында иштеп жаткан base.patent.kg сайтында өнөр жай менчигинин жана автордук укуктардын 1058 объектилери ачык реестрлерине жайгаштырылды.

Жетекчи мындан тышкары маанилүү иштерге токтолду. Калктын ар кандай максаттуу топтору үчүн интеллектуалдык менчик жана инновация маселелери боюнча окуу курстарында 2611 угуучулар окутулду, 67 окуттуу курстары өткөрүлгөн. Илимий чөйрөдө кадрдык потенциалды өнүктүрүү механизми катары балдардын жана жаштардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында конкурстар уюштурулган.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар секторунун негизги катышуучуларынын өз ара аракеттешүүсүн камсыздоого арналган “Intellect Market” санариптик платформасын түзүүгө техникалык тапшырманын жана Концепциянын долбоорлору даярдалды       

         Басма сөз жыйынын соңунда Женева шаарындагы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун штаб-квартирасында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган кыргыз адабияты менен искусствосунун эл аралык көргөзмөсүн өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы жана активдүү иши үчүн Кыргызпатенттин Ардак грамотасын тапшыруу аземи болду.