Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТ КРЕАТИВДҮҮ АЙЫМДАРДЫ КОЛДОЙТ

КЫРГЫЗПАТЕНТ КРЕАТИВДҮҮ АЙЫМДАРДЫ КОЛДОЙТ


Бишкек шаарында креативдүү индустрияда иштеген аялдар үчүн бизнес жүргүзүүнүн негиздери жана товарларды рынокко илгерилетүү боюнча беш күндүк тренинг өттү. 2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун базасында 60тан ашык кол өнөрчүлүк, искусство, дизайн жана ойлоп табуучулук менен алектенген аялдар бизнес жүргүзүүнүн негиздери, финансылык сабаттуулук, санариптик маркетинг жана интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча маанилүү билимдерге ээ болушту.
Тренинг бизнес-моделдерди иштеп чыгуу, продукциянын баасын туура аныктоо жана илгерилетүү стратегияларын камтыды. Катышуучулар ошондой эле бизнес-пландарды түзүүнү жана санариптик куралдарды колдонуу менен маркетингдик стратегияларды өнүктүрүүнү үйрөнүштү.
Тренингдин катышуучусу, кол өнөрчү Бактыгул мындай деп билдирди: «Мурда мен өз продукциямдын баасын туура аныктап, аны санариптик каналдар аркылуу кантип илгерилетүүнү билчү эмесмин. Эми өз бизнесимди кантип башкаруу керектигин жана аны жаңы деңгээлге көтөрүүнү жакшыраак түшүнүп жатам». Башка катышуучулар дагы тренингдин маанилүүлүгүн белгилеп, алынган билимдер чыгармачыл ишмердүүлүктө ийгиликке жетүүгө жардам берет деп ишеништи.
Бул тренинг Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен GIZ (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан кыргыз-герман «Курак – креативдүү индустриядагы аялдар менен кыздарды колдоо» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги өнөктөшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) болду.
Тренингдер ошондой эле БУУнун Аялдар түзүмү, Кыргызпатент, Ага Хан фонду жана GIZ кол койгон Меморандумдун алкагында өткөрүлдү. Бул Меморандум аял-новаторлорду колдоого багытталган жана алардын потенциалын аныктоо, билим алуу жана каржылык мүмкүнчүлүктөргө жеткирүү, аялдардын инновациясына инвестициялоонун маанилүүлүгүн жайылтуу, ошондой эле бул максаттарга жетүү үчүн биргелешкен программалар менен иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууну камтыйт.
Бул иш-чара креативдүү индустриядагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын бизнес жөндөмдөрүн чыңдоого, ошондой эле продукцияларын жергиликтүү жана эл аралык рынокторго илгерилетүүгө багытталган.
………………………..