Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Урматтуу жарандар!

            2023-жылдын 26-июлундагы №149 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» ылайык, 159-беренесине «Тергөөнүн караштуулугу» өзгөртүүлөр киргизилди, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде «Автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу» жана 225-беренесинде «Индивидуалдаштыруу каражаттарын (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу» каралган [интеллектуалдык менчик объектилерине карата] жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.  

         Интеллектуалдык менчик укуктарына шек келтирген бузуулар үчүн каралган жоопкерчилик менен Кыргызпатенттин сайтынан кийинки маршрут менен таанышууга болот:  «Информациялык ресурстар – Мыйзамдар – Кыргыз Республикасынын кодекстери жана Мыйзамдары – Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жөнүндө кодекс».