Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгын караган коллегиялык отурумун өткөрдү. 

Алгач баяндамачылар очетторун берип андан соң катышуучулар алардын иш натыйжасына баа беришти. Күн тартбинде 5 маселе каралды. 

Коллегияда айрым чечимдеринин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө токтом каралды. Интеллектуалдык жана инновациялар экосистемасын өнүктүрүү максатында жана интеллектуалдык менчик рыногу толук кандуу иштеш үчүн интеллектуалдык менчик институтун өркүндөтүүгө багытталган шарттар түзүлүүдө. Ал үчүн атаыйн милдеттер алдына коюлган. 

Патенттик иш-кагаздарды жүргүзүүнүн иш процесстери автоматташтырылган жана электрондук система аркылуу өтүнмөлөр кабыл алынууда  Ошондой эле онлайн кеңештер берилүүдө. 

Кыргызпатенттин өнөр жай менчик обьектилерин укуктук коргоо, автордук жана чектеш укуктар жаатындагы иштери тууралуу маалымат берилди. Автордук сый акыларды чогултуу, санариптештирүү, инновациялар чөйрөсүндөгү иштер боюнча бир топ жыйынтыктар чыгарылган. 

Евразиялык патенттик уюму жана эл аралык кызматташуу натыйжалары каралды.