Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Кыргыз Республикасынын Кодекси

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 4-августундагы № 156 

Мыйзамынын редакциясына ылайык)

42-глава. Интеллектуалдык менчик укугуна зыян келтирүүчү  укук бузуулар

 

397-берене. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу

 

Автордук укуктун, чектеш укуктардын объекттерин, электрондук-эсептөө машиналары үчүн программаларды, маалыматтар базаларын мыйзамсыз пайдалануу, ошондой эле сатуу максатында чыгармалардын, фонограммалардын, электрондук-эсептөө машиналары үчүн программалардын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ордун которуу же жасоо, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –

 

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

398-берене. Патент ээсинин өзгөчө укуктарын бузуу

 

Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн, селекциялык жетишкендикти автордун же арыз берүүчүнүн макулдугусуз ойлоп табуунун маани-маңызын, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн селекциялык жетишкендик жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин зыян келтирүү менен же киреше табуу максатында мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –

 

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

399-берене. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жекелештирүү каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу

 

  1. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге карата эскертүүчү маркалоо, тейлөө белгисин же товардын чыккан жеринин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –
 

жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

  1. Бөтөн товардык белгини, тейлөө белгисин, товардын чыгарылган жеринин аталышын же бир түрдүү товарлар үчүн ага окшош белгилерди мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул аракеттерде кылмыштын белгилери камтылбаса, –
 

жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

 

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси 484-беренесине ылайык интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (б.а. Кыргызпатент) укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 397-399-статьяларында каралган жазаларды колдонот.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ

2021-жылдын 28-октябры № 127

 

(Кыргыз Республикасынын  2023-жылдын 25-июлундагы № 147 

Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

204-берене. Автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу

  1. Автордук укук, аралаш укуктар, лицензиялык программалык камсыздоо жана маалыматтык тутумдар объекттерин мыйзамсыз пайдалануу, ошого тете, сатуу максатында лицензиялык программалык камсыздоону жана маалыматтык тутумдарды, чыгармалардын, фонограммалардын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ордун которуу жана даярдоо, ошондой эле ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрүн мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз берүүчүнүн макулдугу жок ойлоп табуунун маңызы, пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин, булар тууралуу маалыматтарды таратып жиберүү, эгерде бул жосундар ири зыян келтирүү же ири өлчөмдө пайда алуу максатында жасалган болсо, -
200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

  1. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан тобу тарабынан, же өзгөчө ири зыян келтирүү менен же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу максатында жасалган жосундар, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар, эгерде чыгармалардын же (жана) фонограммалардын нускаларынын наркы же болбосо автордук укуктун жана аралаш укуктун объекттерин пайдаланууга укуктардын наркы эсептик көрсөткүчтөрдөн беш жүз эсеге ашса (б.а. 50 000 сом), ал эми кылмыш жасалган күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрдөн миң эсеге ашса (б.а. 100 000 сом) - өзгөчө ири өлчөмдө жасалды деп таанылат.

 

225-берене. Индивидуалдаштыруу каражаттарын (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу

  1. Башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун бир нече жолу жасалса же ири зыян келтирсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге, товарды тейлөө же келип чыккан жеринин белгисине карата алдын ала маркировкалоону мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун ири зыян келтирсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде ири зыян деп кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсеге ашкан суммадагы [б.а. 50 000 сом] зыян таанылат.

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин эскертүүсүнө ылайык, келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулууга тийиш.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 159-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204 жана 225-беренелеринде каралган жазык иштери боюнча  ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.