Кыргызпатенттин расмий сайты
 

ПАЙДАЛУУ МОДЕЛДЕР ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

Пайдалуу моделдин патенти деген эмне?

Патент – интеллектуалдык менчик объекттерине таандык болгон пайдалуу моделди пайдаланууга анын ээсинин артыкчылыктуулугун, авторлугун жана монополиясын, өзгөчө укугун күбөлөндүргөн коргоо документи.

Пайдалуу модель деген эмнени билдирет?

Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамы пайдалуу моделди түзүлүш катары аныктайт. Пайдалуу моделдерге өнөр жай жана тиричилик максаттары үчүн түзүлүштөр кирет. Бул, эреже катары, өндүрүштүк жабдуулар, буюмдар, алардын тетиктери, буюмдун макети. Пайдалуу модель буюмдун бөлүктөрү техникалык функцияларды аткарса, алардын формасын жана жайгашуусун коргойт.

Пайдалуу моделдин объектиси деген эмне?

Пайдалуу моделдер, эреже катары, маңызы боюнча ойлоп табууларга жакын, бирок техникалык деңгээли боюнча андай деп таанууга мүмкүн болбогон түзүлүштөр. Бул дээрлик бардык, атүгүл абдан жөнөкөй, жаңы түзүлүшкө, анын ойлоп табуучулук кадамы бар же жок экенине карабастан, укуктук коргоону берүүгө мүмкүндүк берет.

Пайдалуу моделди мүнөздөө үчүн төмөнкү өзгөчөлүктөр колдонулат:

  • структуралык элементтердин болушу;
  • элементтердин ортосундагы байланыштын болушу;
  • элементтердин өз ара жайгашуусу;
  • элементтердин же бүтүндөй түзүлүштүн аткарылышынын формасы, атап айтканда, геометриялык форма;
  • элементтердин ортосундагы байланыш формасы;
  • элементтердин параметрлери жана башка мүнөздөмөлөрү жана алардын байланышы;
  • элементтер же бүтүндөй түзүлүштөр жасалган материал, элементтин милдетин аткаруучу чөйрө.