Кыргызпатенттин расмий сайты
 
Замирбек Үсөнбаевдин кыргыздын айтуучулук чыгармачылыгынын тарыхына кошкон баа жеткис салымы

Замирбек Үсөнбаевдин кыргыздын айтуучулук чыгармачылыгынын тарыхына кошкон баа жеткис салымы

19 (3)
3 (15)
4 (12)
5 (11)
7 (11)
8 (9)
12 (2)
14 (3)
18 (3)
21 (3)
23 (1)
24 (2)
25 (2)
26 (2)
previous arrow
next arrow

2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Кыргызстандын белгилүү инсаны кыргыз искусствосуна зор салымын кошкон залкар, Кыргыз элинин интеллектуалдык казынасын байыткан, салтуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүсү, төкмө акын, автор, «Манас» орденинин ээси, Түрк дүйнөсүнүн сыймыгы, ТҮРКСОЙдун алтын медалынын ээси Үсөнбаев Замирбек Алыкуловичтин “Эскерүүлөр” аталышындагы китебинин бет ачарын  өткөрдү. 

Бул китепте Замирбек агабыздын Кыргыз Республикасынын “Алтын казынасына” жазылып алынган айтуучулук өнөрүн жазма жана заманбап QR коддору менен коштогон чыгармачылыгы басылып чыгарылды. Китептердеги QR код видеого интерактивдүү мазмун менен камсыз кылуу үчүн колдонуунун шартын түзөт. Ошондой эле, китеп кыргыз искусствосун даңазалоочу жаштарга көрсөткүч катары даярдалган.

Иш-чарада залкар инсан Замирбек Үсөнбаевдин кыргыздын айтуучулук чыгармачылыгынын тарыхына кошкон баа жеткис салымы баса белгиленди,  Келечек муундун өкүлдөрүнүн таланттуу өстүрүүдө акындын мурасы баа жеткис экени айтылды. Замирбек Үсөнбаевдин эмгеги жаш муундун өкүлдөрү үчүн үлгү жана шык берүү булагы катары кызмат кылат,-дешти бет ачарга келгендер.

Чыгармачылык кече Кыргыз улуттук “Манас” театры, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргеликте уюштурулду.