


Бүгүн, 2025-жылдын 17-апрелинде “Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүү жана стимулдаштыруу” деген аталыштагы эл аралык конференция өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясында өтүп, ага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев келип катышты.
Евразия Патенттик уюму, жана башка эл аралык түзүмдөрдүн стандарттарына жана мыкты тажрыйбасына ылайык улуттук системабызды чыңдоого милдеттүүбүз. Бул иштеп чыгуучуларга, чет өлкөлүк рынокторго чыгууга, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ишенимдүү шарт тузүүгө өбөлгө болот,-деп баса белгиледи Данияр Амангелдиев.
Иш-чаранын негизги өзөгүн ойлоп табуучулардын жана илимпоздордун табылгасынан көргөзмө түздү. Өзгөчө “Ышка каршы мор чыпкасы” келгендердин кызыгуусун туудурду. Ойлоп табуунун автору, Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну Амантур Салымбеков, иш-чарада презентация жасап, кызыккан суроолорго кеңири жооп берди. Эске салсак, Амантур Салымбеков Кыргызпатенттин “40 райондон 40 демилге” долбооруна катышып, 500 000 сом кайтарымсыз жардам алган.
Ошондой эле, иш-чарага карата атайын чыгарылган китеп келген меймандарга таркатылды. Иш-чарага 400 киши офлайн, ал эми 126 киши онлайн катышты.
Конференцияда Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунан жана Евразия патенттик мекемесинен өкүлдөр онлайн катышып, презентация жасады.
Жалпысынан иш-чара кызыктуу жана маңыздуу өттү. Конференцияга келгендер ушул сыяктуу иш-чаралар байма-бай уюштурулуп туруусу зарылдыгын белгилешти.