


Бүгүн, 2025-жылдын 11-февралында, Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борборунда илимдеги аялдар жана кыздардын Эл аралык күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара илим жана технологиялар тармагында билим алууга, тажрыйба алмашууга жана өз кесиптик жөндөмдөрдү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Иш-чарада STEM тармагында ийгиликтүү кыздар жана аялдар менен панелдик дискуссиялар, Илимдеги жана технологияды айымдардын жана кыздардын көргөзмөсү, интерактивдүү воркшоптор жана мастер-класстар, ошондой эле Women Сар хакатонунун финалы уюштурулган.
Саамалык 100 дөн ашуун илимде жана технология тармагында эмгектенген айымдардын жана кыздардын катышуусунда өттү. Алар өздөрү ойлоп тапкан буюмдарды көргөзмөгө коюп, келгендерди таң калтырышты.
Учурда Кыргызстанда аялдар илим менен эркектерге караганда көбүрөөк алектенишет. 2023 – жылы илимдин 31 докторунун ичинен 13 эркек жана 18 аял, ал эми илимдин 139 кандидатынын ичинен 57 эркек жана 82 аял. Бул аялдардын максатка умтулуусун жана туруктуулугун баса белгилейт. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызпатентте 38 окмуштуу жана ойлоп табуучу аялдар катталган.
Уюштуруучулар: Кыргызпатент, Accelerate Prosperity, UNICEF, Enactus, WomeninTech, KyrgyzSpace, Techaim, Салымбеков Университети жана John Gold уюмдары.