


Бүгүн, 2025-жылдын 14-мартында, Кыргызпатенттин кызматкерлери Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, репрессиянын курмандыгы болгон 137 адамдын сөөгү коюлган жердин тарыхы менен таанышты.
Иш-чарага Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, орун басары Исламбек Мойдинов жана мекеменин 50дөн ашуун кызматкери барып катышты.
Мындай аракет Кыргыз Республикасынын “Улуттук дух – дүйнөлүк бийиктиктер” деген аталыштагы №369-жарлыгынын негизинде ишке ашырылууда. Аталган жарлыкка 2024-жылдын 18-декабрында кол коюлган.
Тарых барактарына кайрылсак, “Ата-Бейит” улуттук-тарыхый мемориалдык комплекси Аскар Акаевдин бийлиги тушунда курулган. Жарым кылымга жакын туугандары, балдары дайын-дарегин, кайсы жерге көмүлгөнүн билбей келген 137 кишинин аты-жөнү аныкталып, 1991-жылдын август айында элдин катышуусу менен жерге берилген.
Алардын арасында Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун сөөгү да табылган. Ал жер улуу жазуучунун сунушу менен “Ата-Бейит” деп аталып калган. Кийин Чыңгыз Айтматов каза болгондо сөөгү атасынын жанына, «Ата-Бейитке» коюлду.
1938-ж. 5- жана 8-ноябрдын түнүндө 138 киши атылып, кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн. Бул массалык атуу менен жашырын көмүү 90-жылдардын башына чейин жашырын сыр катары сакталып келген. Алардын белгисиз бейити тууралуу Таш-Төбө айылынын тургуну Бүбүра Кыдыралиева баяндаган.
1991-жылы 12-июнда сөөктөрдү казуу башталып, июль айында аяктаган. Алардын айрымдарынын чөнтөктөрүндө сакталып калган айыптоо бүтүмү, ошондой эле Кыргызстан мамлекеттик коопсуздук комитетинин жана СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивдериндеги материалдар боюнча атылгандардын кимдер экендиги такталып чыккан.
Текшерүү көрсөткөндөй, коюлган күнөөлөр негизсиз болгон, «мойнуна алган билдирүүлөрү» адам чыдагыс кыйноо жолу менен алынган.
Аларды кайра көмүүнү уюштуруу жана элесин түбөлүккө калтыруу максатында өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 1991-ж. 30-августта Бишкекте аза күтүү митинги болуп, андан соң репрессиянын курмандыктары алгач көмүлгөн жайга жакын жерге ариет-аза күтүү аземи менен коюлган.
Кийин «Ата-Бейиттин» аймагында 2010-жылы апрель революциясында көз жумган мекендештерибиздин 27синин сөөгү коюлду. Ошентип, 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган мемориалдык комплекс пайда болду.
1916-жылдагы Үркүн трагедиясынын 100 жылдыгына арналып, алардын урматына атайын мемориалдык комплекс ачылды.
Бүгүнкү күндө Ата-Бейит комплекси кыргызстандыктар үчүн мааниси зор, жергиликтүү жана чет элдиктер зыярат кыла турган борборго айланды.»Ата-Бейит» оор тагдырларга кабылган, өмүрү, каны менен тарых жараткандардын жаткан жайына айланды.