
2025-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Сайпидинович Орозов Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер мырза менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу конструктивдүү жана достук кырдаалда өттү.
Күн тартибинин алкагында тараптар илим жана жогорку билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл академиялык мобилдүүлүк маселелерине жана кыргызстандык студенттердин Улуу Британиянын университеттеринде бакалавр жана магистратура программалары боюнча билим алуу үчүн гранттарды алуу мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы билим берүү жана илимий кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.