Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бишкекте Борбордук Азиянын стартап экосистемасынын өнүгүшүнө арналган биринчи форум болгон Central Asia Startup Cup (CASC) аяктады. Форумга бир катар өлкөлөрдөн 700дөн ашык катышуучу жана ондогон стартапчылар чогулду. Ал стартаптар үчүн инвесторлор менен жолугушуу жана венчурдук капитал, аялдардын ишкердиги, жасалма интеллект жана финтех сыяктуу негизги темаларды талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча болуп калды.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Ник Боулер форумдун ачылышында Кыргызстанда стартаптар жана чакан бизнес үчүн жеке секторду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай демилгелер жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга жардам берерин баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, соңку жылдары стартапчылардын кайрылуулары көбөйүп жатканын кубануу менен белгиледи.

“Акыркы жылдары ойлоп табууларды, өнөр жай үлгүлөрүн, товардык белгилерди жана пайдалуу моделдерди каттоонун жол-жоболору өркүндөтүлдү жана жыл сайын стартаптардын кайрылуулары көбөйүүдө.2024-жылы Кыргызпатентке интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого алты миңге жакын өтүнмө берилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп.

Биз мамлекеттин, бизнестин жана изилдөөчүлөрдүн активдүү өз ара аракеттенүүсү аркылуу гана бүткүл өлкөнүн жана Борбордук Азиянын жыргалчылыгы үчүн иштей турган күчтүү жана туруктуу инновациялык секторду түзө аларыбызга ишенебиз,-деди Рахат Керимбаева өз сөзүндө

Форум Бишкекте, Технопаркта өтүп, Улуу Британия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын спикерлеринин катышуусунда 8 тематикалык сессияны камтыды. Негизги баяндамачылардын арасында биотехнологиялык EnsiliTech стартап долбоордун негиздөөчүсү Асел Сартбаева жана Honorlock стартап долбоорунун негиздөөчүсү Елена Соболева бар.

Форум Startup Battle менен аяктады, анда протездөө үчүн жасалма терини иштеп чыккан кыргызстандык ArtSkin стартап долбоору жеңүүчү деп табылды. Казакстандык PorteTech стартап долбоору гран-финалда жеңишке жетип, Сан-Францискодо өтүүчү стартаптар боюнча дүйнөлүк кубокто 1 миллион доллар үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алат.

Форум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент), Кыргызстандагы №1 бизнес акселератору, Accelerate Prosperity Kyrgyzstan (AP) тарабынан – Улуу Британиянын Борбордук Азиядагы инклюзивдүү жашыл өнүгүү программасынын алкагында, Улуу Британия Өкмөтү жана Ага Хан Фондунун биргелешип каржылоосу менен өнөктөштүктө уюштурулууда.