Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу чечимди бүгүн, 2025-жылдын 20-майында КР Министрлер Кабинетинин Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Азат Бакаев мекеменин жамаатына тааныштырды.

Бул, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы, КР конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүмүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтомдун негизинде аткарылган.

Эске салсак, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Агартуу жана Илим, жогорку билим берүү, интеллектуалдык менчик жана инновациялар министрлиги болуп кайра түзүлгөн. Ага ылайык, Кыргызпатент мекемеси министрликтин курамына киргизилди.

Рахат Керимбаева кызматка келген 3 жыл аралыгында ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылганы жана кесипкөйлүгү баса белгиленди. Кыргызпатенттин жамааты Рахат Топчубаевнанын бир гана жетекчилик сапаттарын эмес, мээримдүү жана боорукер, ар бир кызматкердин мүнөзүн таба билген адамдык касиеттерин да айтып, ийгилик каалашты.

Ошондой эле, Кыргызпатенттин орун басары Улан Исмаилбеков да тиешелүү жарлыкка ылайык ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалды.

Мекеменин жамаатына, буга чейинки ийгиликтүү долбоорлор улантылаары жана кызматкерлердин курамы өзгөрбөй турганы убадаланды.