Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бүгүн, 2025-жылдын 28-февралында Жогорку Кеңештин депутаттары – Надира Нарматова жана Султанбай Айжигитов – “Билим Бишкек” инновациялык борборунун иши менен таанышты.

Эске салсак, Билим Бишкек борбору 2024-жылдын 6-ноябрында, Түркиянын Биринчи айымы – Эмине Эрдогандын катышуусу менен ачылган. Борборду ачуу жана өз-ара кызматташуу боюнча – Кыргызпатент, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, Т-3 фонду жана TIKA менен 4 тараптуу меморандумга кол коюлган.

Расмий иштеп баштаган күндөн бери кыска убакыт аралыгында чоң ийгиликтерди көрсөткөн билим борборунун ишине күбө болгон депутаттар ыраазычылык билдиришти жана келечек ээлеринин билим, жөндөмүн өркүндөтүүгө багытталган мындай борборлор ар тараптан колдоого татыктуу экенин баса белгилешти.

…………………..