


2025 жылдын 30-31-майында Ош шаарында «Жаштар стартаптары EXPO 2025» иш-чарасы өтүүдө. Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары И. Ж. Мойдинов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
“Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары биз дагы өлкөбүздө инновацияны колдоп, өнүктүрүүгө умтулабыз. Биз ар бир стартап өсүп-өнүгүп, инвестиция тартып, эл аралык деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк түзгөн инновациялык экосистеманы калыптандырууга да активдүү салым кошуп келебиз.
Ошондой эле стартаптарды колдоо максатында биз бир катар иш-чараларды өткөрүүдөбүз, алардын катарында “Startup Students” конкурсу, IT хакатондор. Кыргызпатент «40 райондон 40 демилге» конкурсун уюштуруп келет. 2022-жылдан бери аталган конкурстун алкагында 24 инновациялык долбоор жана стартап колдоого алынган.
Келечекке карай жол мектептен башталгандыгына байланыштуу, жаш илимпоздорду, ойлоп-табуучуларды колдоо максатында 2024-жылы «Билим Бишкек» инновациялык борбору ачылды. Ушул сыяктуу инновациялык борборлор мамлекетибиздин 7 дубанында ачылуусуна тилектешпиз”-деп белгиледи Исламбек Мойдинов өз сөзүндө.
«Жаштар стартаптары EXPO 2025» иш-чарасы студенттерди, окуутучуларды, жаш инноваторлорду жана жеке сектордун өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.
Кыргызпатенттин мындай демилгелерге катышуусу өлкөнүн интеллектуалдык жана инновациялык потенциалын өнүктүрүүдө жаштар ишкердигин колдоонун стратегиялык мааниге ээ экенин көрсөтөт.
……………………………