Официальный сайт Кыргызпатента
 

МКТУ — киришүү (ТКЭЖ)

КИРИШҮҮ ТОВАРЛАРДЫН ЖАНА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨЛӨРҮ МЕНЕН ТИЗМЕГИ \ I БӨЛҮК \ II БӨЛҮК

КИРИШҮҮ

НИЦЦА ЖИКТЕМЕСИНИН ТАРЫХЫ ЖАНА АНЫ ТҮЗҮҮДӨГҮ МАКСАТТАР

НИЦЦА ЖИКТЕМЕСИН КАЙРА КАРООЛОР

ТОВАРЛАРДЫН ЖАНА КЫЗМАТТАРДЫН НИЦЦА ЖИКТЕМЕСИНИН РЕДАКЦИЯЛАРЫ

НИЦЦА МАКУЛДАШУУСУНА КАТЫШУУЧУ ӨЛКӨЛӨР (2011-жылдын январына карата )

ЭЛ АРАЛЫК (NICE)  ЖИКТЕМЕНИ ПАЙДАЛАНГАН БАШКА ӨЛКӨЛӨР ЖАНА УЮМДАР  (2011-жылдын январына карата)

КОЛДОНУУ БОЮНЧА КОЛДОНМО

ЖАЛПЫ ЭСКЕРТҮҮЛӨР

ТОВАРЛАР ҮЧҮН

КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР ҮЧҮН

 

КИРИШҮҮ

НИЦЦА ЖИКТЕМЕСИНИН ТАРЫХЫ ЖАНА АНЫ ТҮЗҮҮДӨГҮ МАКСАТТАР

Белгилерди каттоо максаттарына арналган товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык жиктемеси (ТКЭЖ) Ницца дипломатиялык конференциясынын катышуучу — өлкөлөрү тарабынан 1957-жылдын 15-июнунда түзүлгөн Макулдашуу менен расмий таанылган жана 1967-жылы Стокгольмдо, 1977-жылы Женевада кайра каралган жана 1979-жылы өзгөртүлгөн.

Ницца дипломатиялык конференциясынын катышуучу – өлкөлөрү Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж союзунун алкагында белгилерди каттоо үчүн товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү жиктемесин пайдаланган Атайын союзду түзүшөт.

Ницца дипломатиялык конференциясынын катышуучу – өлкөлөрүнүн ар бири белгилерди каттоодо  негизги (бирден-бир), же көмөкчү жиктеме катарында ТКЭЖ сактоого жана расмий документтерде жана белгилерди каттоо жөнүндө басылмаларда белгилердин катталышына тиешелүү товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинде ТКЭЖ класстарынын номерлерин көрсөтүүгө милдеттүү.

Милдеттүү пайдалануу Ницца дипломатиялык конференциясынын катышуучу – өлкөлөрүндө белгилерди улуттук каттоо үчүн гана эмес, Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна жана Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун Протоколуна ылайык ИМБДУнун Эл аралык бюросу тарабынан ишке ашырылган белгилерди эл аралык каттоо үчүн, ошондой эле Африканын интеллектуалдык менчик уюмунун (OAPI), Региондук африкалык интеллектуалдык менчик уюмунун (ARIPO), Бенилюкс өлкөлөрүнүн интеллектуалдык менчик укуктары боюнча бюросунун (BOIP) жана Ички рынокту гармонизациялоо боюнча ведомствонун (товардык белгилер жана өнөр жай үлгүлөрү) (OHIM) белгилери үчүн дагы милдеттүү болуп эсептелет.

ТКЭЖ Ницца макулдашуусунун катышуучусу болуп эсептелбеген бир катар өлкөлөрдө дагы колдонулат (өлкөлөрдүн тизмегин төмөндөн караңыз) 

НИЦЦА ЖИКТЕМЕСИН КАЙРА КАРООЛОР

Ницца жиктемесинин негизин ИМБДУдан  мурдагы уюм — Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча бириккен эл аралык бюро (BIRPI) тарабынан 1935-жылы иштелип чыккан Жиктеме түзөт. Так ушул 34 класстан жана товарлардын алфавиттик тизмегинен турган жиктеме Ницца макулдашуусу тарабынан кабыл алынган жана кийинчерээк кызмат көрсөтүүлөрдүн 11 классы жана бул кызмат көрсөтүүлөрдүн алфавиттик тизмеги менен толукталган.

Ницца макулдашуусунда Эксперттердин Комитети каралган, ага Макулдашуунун бардык катышуучу – өлкөлөрү киргизилген. Эксперттер Комитети Жиктемеге киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө, атап айтканда, ар башка класстардын ортосундагы товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн которулушу, алфавиттик тизмектин өзгөрүүлөрү жана зарыл түшүндүрмө белгилердин киргизилүүсү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.

Эксперттердин Комитети 1961-жылы 8-апрелде Ницца макулдашуусу күчүнө кирген мезгилден баштап 20 сессия өткөрдү. Комитеттин эң көрүнүктүү жетишкендиктери: сунушталуу формасынын көз карашынан алып караганда Товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн алфавиттик тизмегин жалпы кайра карап чыгуу (1970-жылдан баштап); Жалпы эскертүүлөрдү, класстардын аталыштарын жана түшүндүрмөлөрдү олуттуу модификациялоо (1982-жыл); ар бир өзүнчө товар/кызмат үчүн “базалык номерди” киргизүү (1990-жыл), бул пайдалануучуга каалаган тилдик версияда Жиктеменин алфавиттик тизмегинен тиешелүү товарды/кызматты таап алууга мүмкүнчүлүк берет; 43төн 45ке чейинки класстарды түзүү менен 42-классты кайра карап чыгуу (2000-жыл).

2010-жылдын ноябрында өткөн 21-сессияда Эксперттердин Комитети Ницца жиктемесинин тогузунчу редакциясына өзгөртүүлөрдү кабыл алган.

ТОВАРЛАРДЫН ЖАНА КЫЗМАТТАРДЫН НИЦЦА ЖИКТЕМЕСИНИН РЕДАКЦИЯЛАРЫ

Ницца жиктемесинин биринчи редакциясы 1963-жылы жарыяланган, экинчиси – 1971-жылы; үчүнчүсү – 1981-жылы; төртүнчүсү – 1983-жылы; бешинчиси – 1987-жылы; алтынчысы – 1992-жылы, жетинчиси – 1996-жылы; сегизинчиси – 2001-жылы; ал эми тогузунчусу – 2006-жылы жарык көргөн. Ушул (онунчу) редакциясы 2011-жылдын июнь айында жарыяланып, 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген, 2013-жылы жана 2014-жылы толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилген.

Ушул басылма Россия Федерациясындагы ТКЭЖ расмий үч тилдүү (орус, англис-француз) үчүнчү чыгарылышы болуп эсептелет. Товардын /кызматтын орус тилиндеги ар бир аталышы ИМБДУнун расмий басылмаларына ылайык англис жана француз тилдериндеги товардын /кызматтын аталышы менен коштолот.

Басылма төмөнкүлөрдөн турат: “Киришүү”, I бөлүк “Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн класстарынын тизмеги түшүндүрмөлөрү менен” жана II бөлүк “Класстарга бириктирилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги”.

“Киришүүдө” “Жиктемени колдонуу боюнча колдонмо” жана “Жалпы эскертүүлөр” камтылган.

I бөлүктө 01-ден 45-класска чейинки товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн класстарынын жаратылышынын түрлөрүнүн сүрөттөлүшү, тактап айтканда, эмнеси класска тиешелүү жана эмнеси тиешелүү эмес экендиги берилген.

II бөлүгүндө товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн класстары боюнча топтоштурулган товарлардын/ кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары камтылган. Ар бир класста товарлардын/ кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарынын баары аталышынын биринчи сөзү боюнча алфавиттик тартипте жайгаштырылган. Ар бир аталышка жеке алты сандуу базалык номер ыйгарылган.

НИЦЦА МАКУЛДАШУУСУНА КАТЫШУУЧУ ӨЛКӨЛӨР (2011-жылдын январына карата )

 (Бардыгы 83 өлкө) 
АвстралияКытайСент-Люсия
АвстрияКорея Элдик-Демократиялык РеспубликасыСербия
Азербайджан Сингапур
АлбанияКуба Сирия араб Республикасы
АлжирКыргызстанСловакия
АргентинаЛатвияСловения
АрменияЛиванУлуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугу 
БарбадосЛитваАмерика Кошмо  Штаттары
БахрейнЛихтенштейн 
БеларусьЛюксембургСуринам
БельгияМалавиТажикстан
БенинМалайзияТринидад жана Тобаго
БолгарияМароккоТунис
Босния жана ГерцеговинаМексикаТүркмөнстан
ВенгрияМонакоТүркия
ГвинеяМонголияӨзбекстан
ГерманияМозамбикУкраина
ГрецияНидерланддарУругвай
ГрузияНорвегияФинляндия
ДанияТанзания Бириккен РеспубликасыФранция
ДоминиканаРеспубликасыПортугалияХорватия
ЕгипетПольшаЧерногория
ИзраильКорея РеспубликасыЧех Республикасы
Иордания  
ИрландияМакедония РеспубликасыШвейцария
ИсландияМолдова РеспубликасыШвеция
ИспанияРоссия ФедерациясыЭстония
ИталияРумынияЯмайка
КазакстанСент-Китс жана НевисЯпония

ЭЛ АРАЛЫК (NICE)  ЖИКТЕМЕНИ ПАЙДАЛАНГАН БАШКА ӨЛКӨЛӨР ЖАНА УЮМДАР  (2011-жылдын январына карата)

Жогоруда саналган Ницца макулдашуусуна 83 катышуучу-өлкөдөн тышкары

төмөнкү 66 өлкө жана 4 уюм дагы Ницца жиктемесин пайдаланат:

Ангола

Антигуа жана Барбуда

Бангладеш

Боливия

Ботсвана

Бразилия

Бурунди

Венесуэла

Вьетнам

Гаити

Гайана

Гана

Гватемала

Гондурас

Конго Демократиялык Республикасы

Джибути

Замбия

Зимбабве

Индия

Индонезия

Ирак

Иран (Ислам Республикасы)

Йемен

Камбоджа

Катар

Кения

Кипр

Колумбия

Коста-Рика

Кувейт

Лесото

Ливия

Маврикий

Мадагаскар

Мальта

Намибия

Непал

Нигерия

Нидерланд Антиллдери

Никарагуа

Жаңы Зеландия

Бириккен Араб Эмираттары

Пакистан

Панама

Парагвай

Перу

Руанда

Сальвадор

Самоа

Сан-Марино

Сауд Аравиясы

Свазиленд

Сент-Винсент жана Гренадиндер

Сейшел Аралдары

Соломон Аралдары

Судан

Сьерра-Леоне

Таиланд

Тонга

Уганда

Филиппиндер

Чили

Шри-Ланка

Эквадор

Эфиопия

Түштүк-Африка Республикасы

Африканын интеллектуалдык менчик уюму (OAPI)*

Ички рынокту гармонизациялоо боюнча ведомство (OHIM)

Бенилюкс өлкөлөрүнүн

интеллектуалдык менчик боюнча бюросу (ВOIP)

Региондук африкалык интеллектуалдык менчик уюму (ARIPO)**

* Африканын интеллектуалдык менчик уюмунун (OAPI) мүчөлөрү болуп төмөнкү өлкөлөр эсептелет (2011-жылдын январына карата):

Бенин (Ницца макулдашуусуна дагы мүчө болуп эсептелет), Пил Сөөгүнүн Жээги, Буркина-Фасо,

Габон, Гвинея (Ницца макулдашуусуна дагы мүчө болуп эсептелет),

Гвинея-Бисау, Камерун, Конго, Мавритания, Мали, Нигер, Сенегал, Того,

Борбордук Африка Республикасы, Чад, Экваториалдык Гвинея (16).

** Региондук африкалык интеллектуалдык менчик уюмунун (ARIPO) мүчөлөрү болуп төмөнкү өлкөлөр эсептелет (2011-жылдын январына карата):

Ботсвана, Гамбия, Гана, Замбия, Зимбабве, Кения, Лесото, Либерия,

Малави (Ницца макулдашуусуна дагы мүчө болуп эсептелет),

Мозамбик (Ницца макулдашуусуна дагы мүчө болуп эсептелет),

Намибия, Сьерра-Леоне, Сомали, Судан, Свазиленд, Танзания, Уганда (17).

КОЛДОНУУ БОЮНЧА КОЛДОНМО

Класстардын аталыштары товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр принцибинде тиешелүү болуусу мүмкүн болгон жааттар гана жалпы түрдө көрсөтүлөт жана конкреттүү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштары камтылбайт.

Ар бир конкреттүү товарды же кызматты туура жиктөө үчүн түздөн-түз “Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн класстарынын тизмеги түшүндүрмөлөрү менен” бөлүмүндө жайгаштырылган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмектерин жана тиешелүү түрдө ар бир класстын түшүндүрмөлөрүн пайдалануу керек. Эгер “Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн класстарынын тизмеги түшүндүрмөлөрү менен” бөлүмүнүн түшүндүрмөлөрүнүн, ошондой эле “Класстарга бириктирилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги” бөлүмүнүн жардамы менен товарды же кызматты жиктөөнү ишке ашырууга мүмкүн болбосо, Киришүүнүн “Жалпы эскертүүлөр” бөлүмүн колдонуу керек.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегиндеги жалпы терминди товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы бир белгилүү классына киргизүү бул терминди ушул класстагы же башка класстардагы сөз айкаштарында пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Мындай учурларда жалпы термин жылдызча (*) менен белгиленет.

Товардын/кызматтын аталышында чарчы кашааларда камтылган текст аталыштагы алдыда жазылган текстти чечмелейт же анын синоними болуп эсептелет.

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сүрөттөөдө катталуучу товардык белгилердин көлөмдөрүн бирдей мааниде баалоого жетүү үчүн түшүнүксүз жана жалпы ойлорду айтуудан качуу жана ТКЭЖтин колдонуудагы редакциясынын терминдерин жетекчиликке алуу сунушталат.

Ушул басылышта “Класстарга бириктирилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги” бөлүмүндө товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарынын баары ар бир бетте эки катар менен берилген. Ар бир аталыш товардын/кызматтын орус тилине котормосу (интерпретациясы), базалык номери1 (тиешелүү түрдө товардын/кызматтын түрүнүн маанисине жараша бир же бир нече)  жана ИМБДУ басылмасынын ТКЭЖ тогузунчу редакциясынын расмий (англис-француз) тексти боюнча бул базалык номерге ылайык келген товардын/кызматтын англис жана француз тилдериндеги аталыштары камтылган берене менен берилген.

1 Базалык номер – тиешелүү товар-кызмат катталган жана ИМБДУ тарабынан басылып чыгарылган ТКЭЖке киргизилген номер. Базалык номерлер эски жана жаңы редакцияларга карата өзгөрүүсүз кала берет, улуттук басылмалардан көз каранды эмес жана пайдалануучуга товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык номерлерин көрсөтүү менен ТКЭЖ каалаган тилдердеги версияларынын тизмектериндеги товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү аталыштарын табууга мүмкүнчүлүк берет.

ЖАЛПЫ ЭСКЕРТҮҮЛӨР

Класстардын баш аттарында көрсөтүлгөн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр принциби боюнча товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр тиешелүү болгон жааттарга карата жалпы көрсөтмөлөр гана болуп эсептелет.

Эгер “Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн класстарынын тизмеги түшүндүрмөлөрү менен” же “Класстарга бириктирилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги” бөлүмдөрү товарды/кызматты бир мааниде жиктөөгө мүмкүнчүлүк бербесе, төмөнкү критерийлерди пайдалануу керек. 

ТОВАРЛАР ҮЧҮН

Даяр жасалгалар негизинен алардын милдеттерине жана багытына ылайык жиктелет. Мындайлар “Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн класстарынын тизмеги түшүндүрмөлөрү менен” бөлүмүндө эскертилбеген учурларда даяр жасалгаларды “Класстарга бириктирилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги” бөлүгүндө камтылган башка окшош жасалгалар менен аналогия боюнча жиктөө керек. Эгер функциялары жана багыттары табылбаган болсо, көмөкчү критерийлерди, мисалы, жасалга өндүрүлгөн материалды же анын аракеттенүү принцибин жетекчиликке алуу зарыл.

Көп максаттуу багыттагы даяр жасалгалар (радио ойготкучка окшош) аткарылган милдеттерине же багытына ылайык белгилүү класстарга киргизилиши мүмкүн, ал эми бул функциялар же багыты класстардын бир дагы баш атында көрсөтүлбөгөн учурда а) пунктунда калыптандырылган критерийлерди жетекчиликке алуу керек. 

Иштетилбеген же жарым-жартылай иштетилген чийки затты негизинен аны түзгөн материал боюнча жиктөө керек.

Башка жасалгада пайдаланууга арналган товарлар негизинен, ал башка максаттар үчүн пайдаланылбаган учурда акыркысы киргизилген класс менен жиктелет. Калган учурлардын баарында мындай товарларды жиктөө үчүн а) пунктунда калыптандырылган критерийлерди жетекчиликке алуу керек. 

Эгер даяр жасалгалар же жарым фабрикаттар алар даярдалган материалдар боюнча жиктелсе, анда жасалга ар башка материалдардан даярдалган учурда, аны курамында артыкчылык кылган материал боюнча жиктөө керек. 

Товарларды таңгактоого жана сактоого арналган идиштерди товарлардын өздөрү киргизилген класстар боюнча жиктөө керек.

КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР ҮЧҮН

Кызмат көрсөтүүлөр негизинен класстын баш атында камтылган ишмердиктин багытына жана тиешелүү түшүндүрмөлөргө ылайык же “Класстарга бириктирилген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинин” кызмат көрсөтүүлөрүнө окшош аналогия боюнча жиктелет.

Кирелөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн баары негизинен кире обьектисинин жардамы менен ишке ашырыла турган кызмат көрсөтүүлөр кирген класстарда жиктелет (мисалы, телефондордун киреси – 38-класс). Аны менен катар, финансылык лизинг менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр финансылык кызмат көрсөтүүлөр катарында 36-класс боюнча жиктелет.

Консультацияга, кеңеш берүүгө же маалыматка байланышкан кызмат көрсөтүүлөр негизинен консультациянын, кеңеш берүүнүн же маалыматтын обьекти болгон кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу эле класстар боюнча жиктелет. Мисалы,  ташуу маселелери боюнча – 39-класс, коммерциялык иштерди башкаруу – 36-класс, косметика – 44-класс. Электрондук каражаттардын (мисалы, телефон, компьютер) жардамы менен берилген консультация, кеңеш же маалымат бул кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну камсыздаган каражаттар менен байланышкан эмес.

Франчайзингдин алкагында көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр, эреже катары, франшиза берүүчү тарабынан берилүүчү кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу эле класста жиктелет. Мисалы, франчайзинг маселелери боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр (35-класс); франчайзингге байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр (36-класс); франчайзингге байланышкан юридикалык кызмат көрсөтүүлөр (45-класс).