Официальный сайт Кыргызпатента
 

МКТУ — Белгилерди каттоо максаттарына арналган товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык жиктемеси (ТКЭЖ)

КИРИШҮҮ ТОВАРЛАРДЫН ЖАНА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨЛӨРҮ МЕНЕН ТИЗМЕГИ \ I БӨЛҮК \ II БӨЛҮК

I БӨЛҮК

ТОВАРЛАРДЫН ЖАНА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨЛӨРҮ МЕНЕН ТИЗМЕГИ

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн класстарынын тизмеги түшүндүрмөлөрү менен

ТОВАРЛАР.

01-КЛАСС

02-КЛАСС

03-КЛАСС

04-КЛАСС

05-КЛАСС

06-КЛАСС

07-КЛАСС

08-КЛАСС

09-КЛАСС

10-КЛАСС

11-КЛАСС

12-КЛАСС

13-КЛACC

14-КЛАСС

15-КЛАСС

16-КЛАСС

17-КЛАСС

18-КЛАСС

19-КЛАСС

20-КЛАСС

21-КЛАСС

22-КЛАСС

23-КЛАСС

24-КЛАСС

25-КЛАСС

26-КЛАСС

27-КЛАСС

28-КЛАСС

29-КЛАСС

30-КЛАСС

31-КЛАСС

32-КЛАСС

33-КЛАСС

34-КЛАСС

КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

35-КЛАСС

36-КЛАСС

37-КЛАСС

38-КЛАСС

39-КЛАСС

40-КЛАСС

41-КЛАСС

42-КЛАСС

43-КЛАСС

44-КЛАСС

45-КЛАСС

ТОВАРЛАР

01-КЛАСС

Өнөр жайда, илимий максаттарда, фотографияда, айыл чарбасында, багбанчылыкта жана токойчулукта пайдаланууга арналган химиялык продуктулар;

иштетилбеген синтетикалык чайыр, иштетилбеген пластик материалдар;

жер семирткичтер;

өрт өчүрүү үчүн товарлар;

металлдарды чыңдоо жана ширетүү үчүн препараттар;

тамак-аш азыктарын консервалоо үчүн препараттар;

ийлөөчү заттар;

өнөр жай максаттары үчүн чаптагыч заттар.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, өнөр жай, илимий максаттарда жана айыл чарбасында пайдаланууга  арналган, анын ичинде башка класстарга тиешелүү товарлардын курамына кирген химиялык продуктулар кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

компост;

— консервалоо үчүн туз   (азык даярдоого арналган туздан тышкары);

— тамак-аш өнөр жайына арналган айрым кошулмалар.

Класска кирбейт, атап айтканда:

– иштетилбеген табигый чайырлар (02-кл.);

– медицинада пайдаланууга арналган химиялык продуктулар (05-кл.);

– фунгициддер, гербициддер жана зыяндуу жаныбарларды жок кылууга арналган препараттар  (05-кл.);

– кеңсе жана тиричилик максаттарына арналган чаптагыч заттар (16-кл.);

– азык-түлүк продуктуларын даярдоо үчүн туз (30-кл.);

–мульчирлөөгө арналган материалдар (31-кл.).

02-КЛАСС

Боёктор, олифалар, лактар;

металлды дат басуудан жана жыгачты бузулуудан сактай турган коргоочу каражаттар;

боёгуч заттар; боёгуч заттар,   ууланткычтар;

иштетилбеген табигый чайырлар;

көркөм-декоративдик максаттарда жана көркөм басуу үчүн пайдаланылуучу  тунуке  жана        күлмайда  металлдар.

Түшүндүрмөлөр

Класска негизинен, боёктор, боёгуч заттар жана дат басуудан коргоочу заттар кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– өнөр жай, кол өнөрчүлүк, декоративдик-колдонмо искусстволору үчүн боёктор, лактар,   олифтер  

– кийим-кечелер үчүн боёктор;

– азык продуктулары же суусундуктар үчүн боёгучтар

Класска кирбейт, атап айтканда: 

– иштетилбеген жасалма чайырлар (01-кл.);

– кир жууганга жана агартууга арналган боёгучтар (03-кл.);

– косметика боёктору (03-кл.);

– боёктор салынган кутулар (мектеп куралдары) (16-кл.);

– обочолонтуучу боёктор жана лактар  (17-кл.).

03-КЛАСС

Агартуу үчүн препараттар жана башка кир жуугуч каражаттар;

Тазалоо, жылмалоо, майын кетирүү жана абразивдүү иштетүү үчүн препараттар; самындар;

парфюмерия буюмдары, эфир майлары, косметика, чач үчүн лосьондор; тиш күлмайдалары жана пасталары.

Түшүндүрмө

Класска, негизинен, тазалоо үчүн препараттар жана парфюмердик-косметикалык товарлар кирет

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– адамдар жана жаныбарлар үчүн дезодоранттар (парфюмерия);

– абаны тазартуу үчүн препараттар;

– косметика товарларынын категориясына кирген  гигиеналык максаттар үчүн препараттар.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– морлорду тазалоо үчүн химиялык препараттар(01-кл.);

– өнөр жай максаттарына арналган майсыздандыруу үчүн препараттар (01-кл.);

– адамдар же жаныбарларга арналгандардан  тышкары дезодоранттар (05-кл.);

– бүлөө, кайрак таштар жана тегеректер (кол куралдары) (08-кл.).

04-КЛАСС

Техникалык майлар жана майлагычтар;             майлоочу материалдар;

Чаңды жутууга, нымдоого жана чыгарбоого арналган препараттар;

отундар (анын ичинде, мотор бензиндери) жана жарык кылуучу материалдар; биликтер жана жарыктандыруу үчүн шамдар. 

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, техникалык майлар жана майлагычтар, отундар жана жарыктандыруучу материалдар кирет.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– айрым атайын техникалык майлар жана майлоочу материалдар.

05-КЛАСС

Фармацевтикалык жана ветеринардык препараттар;

медициналык максаттар үчүн гигиеналык препараттар;

диеталык тамак  жана медициналык, ветеринардык максаттар үчүн заттар, балдардын тамактары;

адам жана жаныбар үчүн азык кошулмалары;

пластырлар, таңма материалдар;

тиштерди пломбалоо жана тиштердин кабын даярдоо үчүн  материалдар;

жугушсуздандыруучу каражаттар;

зыяндуу жаныбарларды жок кылуу үчүн препараттар;

фунгициддер, гербициддер.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, фармацевтикалык препараттар, медициналык жана ветеринардык максаттар үчүн башка препараттар кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– туалет буюмдарынан тышкары жеке гигиена үчүн гигиеналык препараттар;

– балдар үчүн жана жижиң менен жабыркаган адам үчүн жалаяктар;

– адам же жаныбарларга арналгандардан тышкары дезодоранттар;

– жөнөкөй рационго кошумча катары же саламаттыкты чыңдоо максаттары үчүн пайдаланылган азыктык, анын ичинде диеталык кошулмалар;

– медициналык же ветеринардык максаттарда пайдаланылуучу азык алмаштыргычтар,      диеталык продуктулар жана суусундуктар;

– медициналык максаттар үчүн курамында тамекиси жок чылымдар.

Класска кирбейт, атап айтканда:

– парфюмериялык-косметикалык товарлар категориясына кирген гигиеналык    препараттар (03-кл.);

– адамдар же жаныбарлар үчүн дезодоранттар (парфюмерия) (03-кл.);

– ортопедия бандаждары (10-кл.);

– медициналык же ветеринардык максаттар үчүн арналбаган  азык алмаштыргычтары, диеталык продуктулар жана суусундуктар   (29, 30, 31, 32 же 33-кл.).

06-КЛАСС

Жөнөкөй металлдар жана алардын кошунду эритмелери;

металл курулуш материалдары;

кыймылдуу металл конструкциялар жана курулмалар; рельсалуу жолдор үчүн металл материалдар;

металл зымаркандар жана өткөргүчтөр [электрдик эмес]; темирден жасалган жана кулпу жасалгалары;

металл түтүктөр;

сейфтер;

башка класстарга кирбеген жөнөкөй металлдардан жасалгалар; кендер.

Түшүндүрмөлөр

Класска иштетилбеген жана жарым-жартылай иштетилген жөнөкөй металлдар жана алардан жасалган жөнөкөй жасалгалар кирет.

Класска кирбейт, атап айтканда:

        – бокситтер (01-кл.);

– сымап, сурьма, жегичтүү жана жегич металлдар (01-кл.);

– көркөм-декоративдик максаттар жана көркөм басуу үчүн пайдаланылган  лист  жана       порошок сымал металлдар (02-кл.).

07-КЛАСС

Машиналар жана станоктор;

кыймылдаткычтар (жердеги унаа каражаттарына арналгандардан тышкары);

өткөрүп берүүлөрдүн кошулмалары жана элементтери (жердеги унаа каражаттарына  арналгандардан тышкары);

кол менен башкарылган куралдардан тышкары айыл чарба куралдары;

инкубаторлор;

соода автоматтары.

Түшүндүрмөлөр

Класска негизинен машиналар, станоктор жана кыймылдаткычтар кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– кыймылдаткычтардын бөлүктөрү (бардык типтердеги);

– электр машиналары жана аппараттары .

Класска кирбейт, атап айтканда:

– айрым атайын машиналар жана станоктор;

– кол куралдары жана шаймандары (08-кл.);

– жерде жүрүүчү унаа каражаттары үчүн кыймылдаткычтар (12-кл.).

08-КЛАСС

Кол куралдары жана шаймандары;

бычак жасалгалары, айрылар жана кашыктар;

атылбас курал-жарак;

миздер.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, тиешелүү кесиптерде эмгек куралдары катарында пайдаланылган кол шаймандары кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– асыл металлдардан жасалган бычак жасалгалары, аш айрылар жана кашыктар;

– электр кыргычтары, кыркуу үчүн, анын ичинен тырмактар үчүн электр кол машиналары.

Класска кирбейт, атап айтканда:

– атайын багыттагы айрым куралдар;

– кыймылдаткыч аракетке келтирген куралдар жана шаймандар (07-кл.);

– кесүүчү хирургиялык аспаптар (10-кл.);

– кол менен атылуучу курал (13-кл.);

– кагаз кесүү үчүн бычактар (16-кл.);

– фехтование үчүн курал (28-кл.).

09-КЛАСС

Илимий, деңиздик, геодезиялык, фотографиялык, кинематографиялык, оптикалык, таразага тартуу, өлчөө, сигнализация, контролдоо (текшерүү), куткаруу жана окутуу үчүн алеттер жана шаймандар;

электр өткөрүү, бөлүштүрүү, трансформациялоо, топтоо, жөнгө салуу же башкаруу үчүн алеттер жана шаймандар;

үндү же сүрөттөрдү жазуу, өткөрүп берүү, кайра жаратуу үчүн аппаратура;

магниттүү маалымат жүктөгүчтөр, үн жазуу дисктери;

компакт-дисктер, DVD же башка санариптик маалымат алып жүрүүчүлөр;

алдын ала төлөөсү бар аппаратар үчүн механизмдер;

касса  аппараттары,   эсептегич машиналар,   маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн жабдуу   жана компьютерлер;

программалык камсыздоо;

өрт өчүрүү үчүн жабдуу.

Түшүндүрмөлөр

Класска кирет, атап айтканда:

– лабораториялык илимий изилдөөлөр үчүн алеттер жана шаймандар;

– өлчөөлөр жана команда берүү үчүн алеттерлор менен шаймандар сыяктуу кемелерди башкаруу үчүн алеттер жана шаймандар;

– транспортирлер;

–перфокарттарды пайдалануу менен кеңсе жабдуулары;

– жазууну алып жүрүүчүдөн же жайылтуунун ыкмасынан көз карандысыз, каалаган түрдөгү компьютердик программалар жана программалык камсыздоо, башкача айтканда, магнит алып жүрүүчүгө жазылган же тышкы компьютер желесинен жүктөлгөн программалык камсыздоо.

Класска кирбейт, атап айтканда:

– төмөнкү электр алеттери жана куралдары:

электр механикалык ашкана алеттери (азык-түлүк продукттары үчүн тегирмендер, аралаштыргычтар (миксерлер), шире сыккычтар, электр  кофе майдалагычтар ж.б.у.с.) жана 07-классына кирген электр кыймылдаткычы менен иштеген башка бир катар алеттер жана куралдар;

отунду жана күйүүчү майда сордуруп чыгаруу жана бөлүштүрүү үчүн аппараттар (07-кл.);

электр сакал алгычтар, кыркуу үчүн, анын ичинде тырмак алуу үчүн электр кол машиналары, жана үтүктөр  (08-кл.);

имараттарды жылытуу үчүн же суюктуктарды жылытуу үчүн, тамак-аш азыктарын жылуулук менен иштетүү, желдетүү ж.б.у.с. үчүн электр алеттери

(11-кл.);

электр тиш щеткалары жана электр тарактары (21-кл.);

– сааттар жана башка хронометрикалык куралдар (14-кл.);

– контролдоочу сааттар (14-кл.);

–тышкы дисплейлерди жана мониторлорду пайдалануу менен оюндар жана көңүл ачуу үчүн түзүлүштөр (28-кл.).

10-КЛАСС

Хирургиялык, медициналык, стоматологиялык жана

ветеринардык алеттер жана куралдар;

Бут протездери, көз жана тиш протездери;

ортопедиялык жасалгалар;

тигиш салуу үчүн материалдар.

Түшүндүрмөлөр

Класска негизинен,  медициналык алеттер, куралдар жана жасалгалар кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– медициналык багыттагы атайын эмерек;

–гигиеналык желим жасалгалардын айрым элементтери;

– ортопедиялык бандаждар.

11-КЛАСС

Жарык берүү, жылытуу, буу алуу, тамак-аш азыктарын жылуулук менен иштетүү, муздатуу, кургатуу, желдетүү, суу бөлүштүрүү үчүн жана санитардык-техникалык түзүлүштөр

Түшүндүрмөлөр

Класска кирет, атап айтканда:

– абаны желдетүү үчүн орнотмолор;

төшөк жылыткычтар; кайнаткычтар; электр жана электрдик эмес жылыткычтар;

– электр жылыткычы менен жаздыктар жана жууркандар (медициналык максаттарда пайдалангандардан тышкары);

– электр чайнектери;

– тамак-аш азыктарын электр жылуулук менен иштетүү үчүн идиштер.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– буу алуу үчүн түзүлүштөр (машиналардын бөлүктөрү) (07-кл.);

– электр жылыткычы менен кийимдер (09-кл.).

12-КЛАСС

Жерде, сууда, абада жүрүүчү унаа каражаттары; аппараттар.

Түшүндүрмөлөр

Класска кирет, атап айтканда:

– жердеги унаа каражаттары үчүн кыймылдаткычтар;

– жердеги унаа каражаттары үчүн туташтыргычтар жана өткөргүчтөрдүн элементтери;

– аба жаздыгы бар унаа каражаттары.

Класска кирбейт, атап айтканда:

– унаа каражаттарынын айрым бөлүктөрү;

– рельстүү жолдор үчүн металл материалдары (06-кл.);

– кыймылдаткычтар, туташтыргычтар жана өткөргүчтөрдүн элементтери (унаа каражаттарына  арналгандардан тышкары) (07-кл.);

– кыймылдаткычтардын бөлүктөрү (бардык түрдөгү) (07-кл.).

13-КЛACC

Ок атуучу курал;

ок-дарылар жана снаряддар;

жардыргыч заттар;

фейерверктер.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, ок атуучу куралдар жана пиротехникалык каражаттар кирет.  

Класска кирбейт, атап айтканда:

– ширеңкелер (34-кл.).

14-КЛАСС

Асыл металлдар жана алардын эритмелери, башка класстарга кирбеген алардан жасалган жасалгалар же каптагычтар;

зер жасалгалары, бижутерия, кымбат баалуу таштар;

Сааттар жана башка хронометриялык алеттер.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен,  асыл металлдар кирет, алардан даярдалган жасалгалар башка кластарга кирбеген, негизинен зер жасалгалар, бижутерия жана сааттар кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– асыл металлдардан жана таштардан жасалган зер жасалгалар жана алардын имитациялары;

– галстуктар үчүн кыпчыгычтар, төөнөгүчтөр.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– функциялары же багыттары боюнча жиктелүүчү, баалуу металлдардан буюмдар, мисалы, көркөм-декоративдик максаттар жана көркөм басма үчүн тунуке же күлмайда өңдүү металлдар (02-кл.);

курамында алтын бар тиш амальгамдары (05-кл.);

бычактар, айрылар жана кашыктар (08-кл.);

электр байланыштары (09-кл.);

жазуу үчүн алтын калемдер (16-кл.);

чай демдөөчү чайнектер (21-кл.);

күмүш же алтын менен саймаланган буюмдар (26-кл.);

сигаралар үчүн үкөктөр (34-кл.);

– даярдалган материалы боюнча жиктелүүчү көркөм буюмдар (асыл металлдардан даярдалгандан тышкары).

15-КЛАСС

Музыкалык аспаптар.

Түшүндүрмөлөр

Класска кирет, атап айтканда:

– механикалык пианино жана алардын шаймандары;

– музыкалык сандыкча;

– электр жана электрондук музыкалык аспаптар.

Класска кирбейт, атап айтканда:

—         үн жазуу, берүү, күчөтүү жана кайра жаратуу үчүн түзүлүштөр (09-кл.).

16-КЛАСС

Кагаз, картон жана башка класстарга киргизилбеген, алардан жасалган буюмдар; басма продукциялары;

мукабалоо иштери үчүн материалдар;

фотосүрөттөр;

жазуу үчүн товарлар;

кеңсе жана тиричилик максаттары үчүн желим заттар;

сүрөтчүлөр үчүн шаймандар;

кыл калемдер;

жазма машиналар жана кеңсе буюмдары (эмеректен тышкары);

окуу материалдары жана көрсөтмө куралдар (аппаратурадан тышкары);

таңгактоо үчүн пластмасса материалдар (башка класстарга кирбеген);

шрифттер;

басмакана клишеси.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, кагаз, кагаздан жасалган буюмдар жана кеңсе шаймандары кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

 – кагаз кесүү үчүн бычактар;

– көчүрүүчү жана көбөйтүүчү аппараттар;

– таңгактоо үчүн барактар, баштыктар жана кичине каптар.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– кагаздан же картондон айрым буюмдар;

– боектор (02-кл.);

–сүрөтчүлөр, скульпторлор үчүн кол куралдары (мисалы, скульпторлор үчүн шпателдер, кескичтер) (08-кл.).

17-КЛАСС

Каучук,     резина,     гуттаперча,     асбест,     слюда     жана башка класстарга кирбеген бул материалдардан жасалган буюмдар;

жарым-жартылай иштетилген пластмассадан жасалган буюмдар;

тыгындоо, тыгыздоо жана обочолонтуу үчүн материалдар;

металл эмес ийкемдүү түтүктөр.

Түшүндүрмөлөр

Класска,  негизинен, электрди, жылуулукту  жана үндү обочолонтуучу материалдар жана өнөр жай максаттары үчүн листтер, плиткалар, пластиналар же темир чыбык түрүндө жарым-жартылай иштетилген пластмасса кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– шиналарга жаңы протекторлорду салуу үчүн резина материалдар;

– резина же пластмасса толтургуч материалдар;

– суунун бетин булгоого тоскоолдук кылуучу, калкыма тосмолор.

18-КЛАСС

Башка класстарга кирбеген булгаары жана булгаарынын имитациясы, алардан жасалган буюмдар;

жаныбарлардын терилери;

жол сандыктары, чемодандары;

жамгырдан жана күндөн коргоочу кол чатырлар;

ичке аса таяктар;

чыбыктар, камчылар, ат жабдыктары жана кайыш буюмдары.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, башка класстарга кирбеген булгаары, булгаарынын имитациясы, жол буюмдары жана кайыш буюмдары кирет.

 Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

 – кийимдин предметтери.

19-КЛАСС

Металл эмес курулуш материалдары;

курулуш максаттары үчүн металл эмес катуу түтүктөр; асфальт, чайырлар жана битум;

металл эмес жылдырма конструкциялар жана курулмалар; металл эмес эстеликтер.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, металл эмес курулуш материалдары кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– жарым-жартылай иштетилген жыгач (мисалы, устундар, такталар, панелдер;

– фанера;

– курулуш айнеги (мисалы, пол үчүн плиталар, плиткалар, черепица);

– жолдорду белгилөө үчүн гранулданган (майдаланган) айнек;

– кыштан (таштан) жасалган почта үкөктөрү.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– консервациялоо же цементке суу өткөрбөй турган курамдар (01-кл.);

– отко чыдамдуулукту берүү үчүн курамдар (01-кл.).

20-КЛАСС

Эмеректер, күзгүлөр, картиналар үчүн алкактар ж.б.;

башка класстарга кирбеген, жыгачтан, пробкадан, камыштан, тростниктен, мажүрүм талдан, мүйүздөн, пилдин сөөгүнөн, киттин мурутунан, ташбаканын  калканынан, үлүлдөрдөн, янтардан, акактан, деңиз көбүгүнөн, бул материалдардын алмаштыргычтарынан же пластмассадан жасалган буюмдар.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, башка класстарга кирбеген эмерек жана анын бөлүктөрү жана пластмассадан жасалган буюмдар кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– металл эмерек жана кемпинг үчүн эмерек;

– төшөк буюмдары (мисалы, матрацтар, пружиналуу матрацтар, жаздыктар);

– күзгүлөр, анын ичинде эмерек үчүн жана даараткана күзгүлөрү;

– каттоо номери менен металл эмес пластиналар;

– почта үкөктөрү (металлдан же таштан даярдалган үкөктөрдөн тышкары).

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– милдеттерине же багыттарына ылайык жиктелүүчү, күзгүлөрдүн айрым атайын түрлөрү;

– лабораториялар үчүн атайын эмеректер (09-кл.);

– медициналык максаттар үчүн атайын эмерек (10-кл.);

шейшептер (24-кл.);

– капталган мамык жууркандар (24-кл.).

21-КЛАСС

Үй же ашкана буюмдары жана идиштери;

тарактар жана губкалар;

щеткалар (кылдардан тышкары);

щетка буюмдары үчүн материалдар;

тазалоо жана жыйноо үчүн шаймандар;

металл жуугучтар;

иштетилбеген же жарым-жартылай иштетилген айнек (курулуш айнегинен тышкары);

башка класстарга кирбеген, айнектен, фарфордон жана фаянстан жасалган буюмдар.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, аз габариттүү, кол менен иштетилүүчү үй же ашкана шаймандары, түзүлүштөрү жана буюмдары, ошондой эле даараткана буюмдары, айнектен жана фарфордон жасалган буюмдар кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– үй жана ашкана буюмдары жана идиштер, мисалы, ашкана идиши, чакалар, лист темирден, алюминий, пластмасса жана башка материалдардан  чылапчындар,

– кесүү, майдалоо же сыгуу үчүн аз габариттүү, кол менен иштетилүүчү түзүлүштөр жана шаймандар;

– электр тарактар;

– электр тиш щеткалары;

– табактар жана графиндер (идиш) үчүн койгучтар (батыныстар).

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– айнектен, фарфордон, фаянстан жасалган айрым буюмдар;

– тазалоо үчүн каражаттар, самындар ж.б. (03-кл.);

– электр менен иштетиле турган, кесүү, майдалооо же сыгуу үчүн аз габариттүү түзүлүштөр жана шаймандар (07-кл.);

– сакал алгычтар жана сакал алуу үчүн түзүлүштөр, кыркуу, анын ичинде тырмакты кыркуу  үчүн кол машинкалары, маникюр жана педикюр үчүн металл куралдар жана шаймандар  (08-кл.);

– тамак-аш азыктарын электрдик жылуулук менен иштетүү үчүн түзүлүштөр жана идиштер (11-кл.);

– даараткана күзгүлөрү (20-кл.).

22-КЛАСС

Башка класстарга кирбеген аркандар, жиптер, көтөрмө жиптер, торлор, чатырлар, бастырмалар, брезент, парус жана каптар;

ичине толтуруу материалдары (резина жана пластик материалдардан тышкары); текстилдик чийки була заттары.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, жип-аркан буюмдары жана парусинадан жасалган буюмдар, ичине толтуруу материалдары жана текстилдик була чийки заттары кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– аркандар, жиптер, көтөрмө жип,накта же жасалма текстиль булаларынан шпагат, кагаздар же пластмасса.

Класска кирбейт, атап айтканда:

– айрым торлор жана атайын каптар;

– музыкалык аспаптар үчүн кылдар (15-кл.).

23-КЛАСС

Текстиль жиптери жана токума жиптер.

24-КЛАСС

Башка класстарга кирбеген кездемелер жана текстиль буюмдары;

төшөк жабуулары жана дасторкондор;

жууркандар.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, кездемелер, төшөк жабуулары жана дасторкондор, жууркандар кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– кагаз шейшептер.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– айрым атайын жиптер;

медициналык максаттар үчүн электр жылыткычы менен жууркандар (10-кл.);

– электр жылыткычы менен жууркандар (медициналык максаттар үчүн пайдаланылгандан тышкары) (11-кл.);

– кагаз дасторкондор, майлыктар (16-кл.);

– жылкылар үчүн үртүктөр (18-кл.).

25-КЛАСС

Кийим, бут кийим, баш кийим.

Түшүндүрмөлөр

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– кийимдин жана бут кийимдин айрым атайын түрлөрү.

26-КЛАСС

Токуулар жана саймаланган буюмдар, сызмалар жана тасмалар;

топчулар, кадоочтор, илмектер жана бойшакектер, төөнөгүчтөр жана ийнелер; жасалма гүлдөр.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, галантерея жана басон буюмдары кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– сыдырма-топчулуктар.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– айрым атайын илмектер;

– айрым атайын ийнелер;

– токума жиптер жана ийрилген жиптер (23-кл.).

27-КЛАСС

Килемдер, циновкалар, маттар, линолеум жана пол үчүн башка каптамалар;

дубал тушкагаздары жана каптоочу материалдары  (текстилдик эмес).

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, даяр полдорду же дубалдарды каптоого арналган буюмдар кирет.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– жыгач полдор (19-кл.).

28-КЛАСС

Оюндар, оюнчуктар;

башка класстарга кирбеген гимнастика жана спорт товарлары;

балаты үчүн кооздуктар.

Түшүндүрмөлөр

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

–    өзүнчө дисплейди же мониторду пайдалануу менен оюндар жана көңүл ачуулар үчүн түзүлүштөр;

– балык уулоо шаймандары;

–спорт жана ар кандай оюндар үчүн жабдуулар.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– жаңы жылдык балатылар үчүн шамдар (04-кл.);

– суу астына чумкуу үчүн шаймандар (09-кл.);

– жаңы жылдык балатылар үчүн электр чырактары (гирляндалар) (11-кл.);

– балык уулоочу торлор (22-кл.);

– гимнастика жана спорт үчүн кийим (25-кл.);

– жаңы жылдык балатыларды кооздоо үчүн шоколад жана таттуулар (30-кл.).

29-КЛАСС

Эт, балык, канаттуулар эти жана илбээсин;

эт экстракттары;

консерваланган, кургатылган жана жылуулук менен иштетип алынган жашылчалар жана жемиштер;

желе, кыям, компоттор;

жумурткалар;

сүт жана сүт азыктары;

тамак-аш майлары жана майлары.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, жаныбарлардын азык-түлүк товарлары, ошондой эле пайдалануу же консервалоо үчүн даярдалган, жашылчалар жана башка чарбак өнүмдөрү кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– курамында сүт артыкчылыктуу компонент болуп саналган сүт ичимдиктери.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– айрым өсүмдүк тамак-аш азыктары;

– балдардын тамагы (05-кл.);

– диеталык тамактар жана медициналык максаттар үчүн заттар (05-кл.);

– тамак-аш кошулмалары (05-кл.);

– салаттар үчүн татымалдар (30-кл.);

– канаттууларды чыгаруу үчүн жумурткалар (31-кл.);

– жаныбарлар үчүн тоют (31-кл.);

– тирүү жаныбарлар (31-кл.).

30-КЛАСС

Кофе, чай, какао жана кофени алмаштыргычтар;

күрүч;

тапиока (маниока) жана саго;

ун жана дан өнүмдөрү;

нан азыктары, кондитердик азыктар;

балмуздак;

кант, бал, патокадан сироп;

ачыткылар, нан бышыруу күлмайдалары;

туз;

горчица;

уксус, татымалдар;

жыттуу татымалдар;

муз.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, керектөө же консервалоо үчүн даярдалган өсүмдүк тамак-аш азыктары, ошондой эле тамак-аш азыктарынын даам сапатын жакшыртууга арналган көмөкчү кошулмалар кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– кофе, какао же шоколад же чай негизиндеги ичимдиктер;

– пайдаланууга даяр дан азыктары (мисалы, сулу бадырактары же башка дан өсүмдүктөрүнүн бадырактары).

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– айрым өсүмдүк тамак-аш азыктары;

– консервалоо үчүн туз   (тамак жасоого арналгандан тышкары) (01-кл.);

– дары тунмасы жана диеталык тамактар жана медициналык максаттар үчүн заттар (05-кл.);

– балдардын тамагы (05-кл.);

– тамак-аш кошулмалары (05-кл.);

– тазаланбаган дан өсүмдүктөрү (31-кл.);

– жаныбарлар үчүн тоют (31-кл.).

31-КЛАСС

Башка класстарга кирбеген дан жана айыл чарба, бакча-чарбак жана токой өнүмдөрү;

тирүү жаныбарлар;

жаңы жемиштер жана жашылчалар;

уруктар;

тирүү өсүмдүктөр жана гүлдөр;

жаныбарлар үчүн тоют;

угут.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, керектөө үчүн эч кандай иштетүүгө кабылбаган дыйканчылык жана токой чарбасынын өнүмдөрү, тирүү жаныбарлар жана тирүү өсүмдүктөр, ошондой эле жаныбарлар үчүн тоют кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

        – суу жыгач;

 – тазаланбаган дан өсүмдүктөрү;

 – канаттууларды чыгаруу үчүн жумурткалар;

 – тирүү моллюскалар жана рак сымалдар.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– медициналык максаттар үчүн микроорганизмдер жана сүлүк курттар (05-кл.);

– жаныбарлар үчүн тамак-аш кошулмалары (05-кл.);

– жарым-жартылай иштетилген жыгач (19-кл.);

– балык уулоо үчүн жасалма тарткычтар (28-кл.);

– күрүч (30-кл.);

– тамеки (34-кл.).

32-КЛАСС

Сыра;

минералдык жана газдалган суу жана башка алкоголсуз ичимдиктер;

жемиш суусундуктары жана жемиш ширелери;

суусундуктарды даярдоо үчүн сироптор жана башка курамдар.

Түшүндүрмөлөр

Класска негизинен алкоголсуз суусундуктар, ошондой эле сыра кирет.

Класска кирет, атап айтканда:

– курамында алкоголу аз ичимдиктер.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– медициналык максаттар үчүн ичимдиктер (05-кл.);

– курамында сүт артыкчылыктуу компонент болуп саналган сүт ичимдиктери  (29-кл.);

–кофе, какао, шоколад же чай негизиндеги ичимдиктер (30-кл.).

33-КЛАСС 

Алкоголдук ичимдиктер (сырадан тышкары). Түшүндүрмөлөр

Класска кирбейт, атап айтканда:

– микстура, дары ичимдиктери (05-кл.);

– курамында алкоголу аз ичимдиктер (32-кл.).

34-КЛАСС

Тамеки;

чылым чегүү шаймандары; ширеңкелер.

Түшүндүрмөлөр

Класска кирет, атап айтканда:

– тамекини алмаштыргычтар (медициналык максаттарга арналгандардан тышкары).

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– курамында тамеки жок чылымдар, медициналык максаттар үчүн (05-кл.).

КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

35-КЛАСС

Жарнама;

бизнес чөйрөсүндөгү менеджмент;

бизнес чөйрөсүндөгү административдик ишмердүүлүк;

кеңсе кызматы.

Түшүндүрмөлөр

Класска,  негизинен, адамдар же уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү, негизги максаты төмөндөгүлөр болуп саналган кызмат көрсөтүүлөр кирет:

– коммерциялык ишкананы иштетүүгө же башкарууга жардам көрсөтүү;

– өнөр жай же соода ишканасынын иш башкармалыгына же коммерциялык ишмердүүлүгүнө жардам көрсөтүү;

— негизинен  керектөөчүлөр менен байланышты жана каалаган маалымат каражаттарынын жардамы менен бардык мүмкүн болуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жөнүндө кабарлоону же жарыялоону камсыздоочу жарнама мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрү.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– үчүнчү жактар үчүн ар кандай товарларды топтоо (аларды ташууну болжолдобогон) жана керектөөчүлөрдүн изилдөө жана сатып алуу ыңгайлуулугу үчүн товарларды жайгаштыруу. Бул кызмат көрсөтүүлөр чекене жана дүң дүкөндөр, сатуунун почта каталогдору, электрондук каражаттар, мисалы, теледүкөндөр же интернет-сайттар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн;

–каттоо, кат алышуу, жазуу түрүндөгү билдирүүлөрдү жана жазууларды түзүү, топтоо же тутумдаштыруу боюнча, ошондой эле математикалык же статистикалык маалыматтарды пайдалануу же топтоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

– жарнама агенттиктеринин кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле проспекттерди же үлгүлөрдү түздөн-түз же почта аркылуу жайылтуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Бул класска башка кызмат көрсөтүүлөрдүн жарнамасын, мисалы, банк зайымдарына тиешелүү жарнаманы, ошондой эле радиожарнаманы киргизүүгө болот.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– соода же өнөр жай ишканаларын иштетүү же ишин башкаруу менен түздөн-түз байланыштуу болбогон, инженердик-техникалык очтетторду баалоо жана түзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

36-КЛАСС

Камсыздандыруу;

финансылык шмердүүлүк;

насыялыкакча операциялары;

кыймылсыз мүлк менен операциялар.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, акча-финансы операциялары боюнча кызмат көрсөтүүлөр жана камсыздандыруу контракттарынын бардык түрлөрү менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– акча-финансы операцияларына тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр , анын ичинде:

бардык банктардын же алар менен байланыштуу  алмаштыруу кеңселери же эсептик палаталар сыяктуу мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрү;

банктардан башка насыя берүүчү мекемелердин, мисалы, кооперативдик насыялык бирикмелердин, өз алдынча финансы компанияларынын, насыя берүүчүлөрдүн ж.б.у.с. кызмат көрсөтүүлөрү;

инвестициялык жана холдингдик компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрү;

баалуу кагаздарга жана мүлккө тиешелүү бүтүмдөрдү тариздөөдөгү ортомчулардын кызмат көрсөтүүлөрү;

ишенимдүү адамдар тарабынан аткарылуучу, акча операциялары менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр;

(f)             жол чектерин жана аккредитивдерди берүү менен байланыштуу көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр;
– финансылык лизинг;

– кыймылсыз мүлк боюнча администраторлордун кызмат көрсөтүүлөрү, б.а. кыймылсыз мүлктү жалдоого берүү, баалоо же каржылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

– камсыздандыруу коомдоруна же агенттерине жана камсыздандыруучуларга көрсөтүүлүүчү, камсыздандыруу боюнча агенттердин же ортомчулардын кызмат көрсөтүүлөрү сыяктуу камсыздандыруу менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр, жана камсыздандыруу полистерине кол коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

37-КЛАСС

Курулуш;

оңдоо;

жабдууну орнотуу.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, капиталдык имараттарды куруу же даярдоо боюнча подрядчылар же субподрядчылар көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле объекттерди алардын баштапкы түрүндө калыбына келтирүү же алардын физикалык же химиялык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүсүз сактоо боюнча жеке адамдардын же уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү кирет.                    

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– имараттарды, жолдорду, көпүрөлөрдү, көтөрмөлөрдү же берүү чубалгыларын курууга тиешелүү болгон кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле сырдоо, суу түтүк, чатыр сыяктуу курулуш иштери же жылытуу тутумдарын орнотуу боюнча иштер жаатында адистешкен ишканалардын  кызмат көрсөтүүлөрү;

– курулуш долбоорлорун текшерүү сыяктуу курулушка тиешелүү болгон көмөкчү кызмат көрсөтүүлөр;

– калкыма каражаттарды куруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

– курулуш жабдуусун же материалдарды киреге берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

– оңдоо, б.а. эскиргенден, бузулгандан, жарым-жартылай бузулгандан же талкалангандан кийин каалаган объектти калыбына келтирүү үчүн көрүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр (имараттарды же жараксыз болуп калган башка объектилерди алардын баштапкы калыбына келтирүү);

– электр өткөргүчтөрүн, эмеректи, жабдууну, аспаптарды, инвентарды ж.б.у.с. оңдоо боюнча ар кандай кызмат көрсөтүүлөр;

– объекттерди кандайдыр бир мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүсүз алардын баштапкы абалында кармап туруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (бул класс менен 40-класстын ортосундагы айырмачылыкты ачыктоо үчүн, 40-класска карата түшүндүрмөлөрлөрдү карагыла).

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– товарларды сактоо, мисалы кийимди же унаа каражаттарын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (39-кл.);

– кездемени же кийимди боёо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (40-кл.).

38-КЛАСС

Телекоммуникациялар.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, сенсордук каражаттардын жардамы менен бир адамдын башка адам менен байланышуусуна  мүмкүнчүлүк берүүчү кызмат көрсөтүүлөр кирет. Мындай кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:

бир адамга башка адам менен сүйлөшүү;

бир адамдан башка адамга билдирүү берүү;

бир адамдын башка адам менен оозеки жана визуалдык байланышуу мүмкүнчүлүгүн берүү (радио жана телекөрсөтүү).

Класска кирет, атап айтканда:

– маңызы боюнча радио- жана телевизиондук программаларды берүү камтылган кызмат көрсөтүүлөр.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– радиожарнама боюнча кызмат көрсөтүүлөр (35-кл.);

– телефондук маркетинг кызмат көрсөтүүлөрү (телемаркетинг) (35 кл.).

39-КЛАСС

Ташуу;

таңгактоо жана товарларды  сактоо;

саякаттарды уюштуруу.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, адамдарды, жаныбарларды же товарларды бир орундан башка орунга ташууга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр (темир жол, автомобиль, суу, аба унаасы менен же кубур түтүк боюнча) жана мындай ташуу менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле товарлардын бузулуусунун же уурдалышынын алдын алуу үчүн аларды кампаларда же башка жайларда сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– станцияларга, көпүрөлөргө, темир жол платформаларына жана башка ушул сыяктуу унаа каражаттарына ээлик кылган компаниялар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр;

– унаа каражаттарын кирелөө менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр;

– кемелерди сүйрөтүү жана жүктөө, порттордун жана пристандардын иши, кырсыкка кабылган кемелерди жана алардын жүктөрүн куткаруу менен байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр;

– жөнөтүү алдында товарларды таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

– туризм боюнча ортомчулар же агенттиктер тарабынан көрсөтүлүүчү жана саякаттар, сапарлар же товарларды ташуулар жөнүндө маалыматтарда, ошондой эле тарифтик баалар, ташуунун жүгүртмөсү жана жолдору жөнүндө маалыматтарда камтылган кызмат көрсөтүүлөр;

— ташуу алдында унаа каражаттарын же товарларды текшерүүгө тиешелүү болгон кызмат көрсөтүүлөр.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– проспекттерди жайылтуу же радиожарнама сыяктуу унаадагы жарнамага тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр (35-кл.);

– ортомчулар же саякат агенттиктери көрсөтүүчү жана жол чектерин же аккредитивдерди берүүгө тиешелүү болгон кызмат көрсөтүүлөр (36-кл.);

– адамдарды же товарларды ташуу убагында камсыздандырууга тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр (коммерциялык, өрттөн же өмүрдү камсыздандыруу) (36-кл.);

– унаа каражаттарын, ошондой эле адамдарды же товарды ташуу менен байланыштуу объекттерди техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (37-кл.);

– мейманканаларда номерлерди ээлемдөө боюнча саякат агенттиктери же ортомчулар көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүлөр (43-кл.).

40-КЛАСС

Материалдарды иштетүү.

Түшүндүрмөлөр

Класска, негизинен, башка класстарга кирбеген жана предметтерди же органикалык же органикалык эмес заттарды механикалык же химиялык иштетүүнү же өзгөртүүнү караган кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Жиктөө максаттары үчүн кызмат көрсөтүү катары башка адамдарды тейлөөгө багытталган, ар кандай предметтерди иштетүү же өзгөртүү менен байланыштуу ишмердүүлүк түрүн гана эсептөө керектигин эске алуу зарыл. Ошол эле максатта кызмат көрсөтүүнү, жыйынтыгында, предметти же затты жаңы коммерциялык наркка ээ болгон материалды иштетүү же өзгөртүү катары эсептөө керек.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– негизги мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө алып келүүчү, предметтерди же заттарды өзгөртүү жана каалагандай иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (мисалы, кийимди боёо), техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр, алар негизинен 37-класска киргенине карабастан, эгерде алар тышкы түрдү өзгөртүүгө алып келсе (мисалы, автомобилдин басперлерин хромдоо) 40-класста жиктелишет;

– кандайдыр бир заттарды алуу же предметтерди даярдоо убагында көрсөтүлө турган, иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (курулуш объекттеринен тышкары), мисалы, абразивдик материалдарды же металл каптамаларды кесүүгө, калыпка салууга, жылмалоого тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр.

Класска кирбейт, атап айтканда:

– оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (37-кл.).

41-КЛАСС

Тарбиялоо;

окуу процессин камсыздоо;

көңүл ачуу;

спорттук жана маданий-агартуучулук иш-чараларды уюштуруу.

Түшүндүрмөлөр

Класска негизинен адамдардын акыл-эс жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү же жаныбарларды колго үйрөтүү боюнча өзүнчө адамдардын же уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле адамдардын көңүлүн ачуу же эс алуусун уюштурууга арналган кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– адамдарга билим берүүнүн жана тарбиялоонун же жаныбарларды колго үйрөтүүнүн бардык түрлөрү жана формалары боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

– адамдардын көңүл ачуусун жана эс алуусун уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

– элге  пластикалык искусство чыгармаларын же маданий же тарбиялоо максаттарында адабияттарды сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

42-КЛАСС

Илимий жана технологиялык кызмат көрсөтүүлөр жана аларга тиешелүү болгон илимий изилдөөлөр жана иштелмелер;

өнөр жайлык талдоо жана илимий изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

компьютерлерди техникалык жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.

Түшүндүрмөлөр

Класска негизинен ишмердүүлүктүн татаал жааттарынын теориялык жана практикалык аспектилерине байланыштуу, жеке адамдар тарабынан жекече же жамааттык түрдө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр кирет. Мындай кызматтар химия, физика, техника жана программалоо жааттарындагы адистер тарабынан көрсөтүлөт.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– илимий-изилдөө жана технологиялык жааттарда баалоону, эсептөөлөрдү, изилдөөлөрдү жана отчетторду түзүүнү камсыздаган инженерлердин кызмат көрсөтүлөрү;

– медициналык максаттар үчүн илимий-изилдөө кызмат көрсөтүүлөрү.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– коммерциялык операциялар жаатындагы изилдөө жана баалоо (35-кл.);

– текстти оңдоо жана компьютер файлдарын башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (35-кл.);

– финансылык жана салыктык баалоолор (36-кл.);

– пайдалуу кендерди казып алуу (37-кл.);

– компьютерлерди орнотуу, тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (37-кл.);

– медицина докторлору, ветеринарлар, психоаналитиктер сыяктуу кесипкөй ишмерлер көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүлөр (44-кл.);

– медициналык тейлөө (44-кл.);

– багбанчылык жаатындагы дизайн (44-кл.);

– юридикалык кызмат көрсөтүүлөр (45-класс).

43-КЛАСС

Тамак-аш азыктары жана суусундуктар менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

убактылуу жашап турууну камсыздоо.

Түшүндүрмөлөр

Класска негизинен максаты пайдалануу үчүн тамак-аш азыктарын жана суусундуктарды даярдоо жана мейманканаларда, пансионаттарда же убактылуу жашап турууну сунуштаган башка жайларда орунду жана тамакты берүү боюнча кызмат көрсөтүү болуп саналган, жеке адамдар же мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– саякатчылардын жашап туруусу үчүн орундарды ээлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр, негизинен туристтик агенттиктер аркылуу же агенттер аркылуу;

– жаныбарлар үчүн пансионаттар.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– үйлөрдү, батирлерди ж.б.у.с. туруктуу пайдалануу үчүн ижарага берүү сыяктуу кыймылсыз мүлк менен операциялар боюнча кызмат көрсөтүүлөр (36-кл.);

– туристтик агенттиктер менен саякаттарды уюштуруу (39-кл.);

– тамак-аш азыктарын жана суусундуктарды консервациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (40-кл.);

– дискотекалар боюнча кызмат көрсөтүүлөр (41-кл.);

– пансионаттар (мектеп-интернаттар) (41-кл.);

– эс алуу үйлөрү жана санаторийлер (44-кл.).

44-КЛАСС

Медициналык кызмат көрсөтүүлөр;

ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр;

адамдар жана жаныбарлар үчүн гигиена жана косметика жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр;

айыл чарбасы, чарбак иштетүү жана токойчулук жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр.

Түшүндүрмөлөр

Класска негизинен адамдар же мекемелер тарабынан адамдарга жана жаныбарларга көрсөтүлүүчү медициналык кам көрүүнү, гигиена жана косметика жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү; айыл чарбасы, чарбак иштетүү жана токойчулук жааттарына тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Класска төмөнкүлөр кирет, атап айтканда:

– адамдарды дарылоого тиешелүү болгон, медициналык анализдөө жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр  (рентгенологиялык текшерүү жана кандын анализи сыяктуу);

– жасалма уруктандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

– фармацевтикалык кеңеш берүүлөр;

– жаныбарларды көбөйтүү;

– бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү жаатына кирген кызмат көрсөтүүлөр;

– гүлдөрдөн композиция түзүү жана бакча дизайны боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– мителерди жок кылуу    (айыл чарбасы, чарбак иштетүү жана токойчулуктан тышкары)

(37-кл.);

– ирригациялык тутумдарды орнотуу жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (37-кл.);

– санитардык унаа кызмат көрсөтүүлөрү (39-кл.);

– малды союу жана карачкынын  кебин даярдоо (40-кл.);

– даракты кыюу, жыгуу жана араалоо (40-кл.);

– жаныбарларды колго үйрөтүү (41-кл.);

– ден-соолук клубдары (41-кл.);

– медициналык максаттар үчүн илимий изилдөөлөр (42-кл.);

– жаныбарлар үчүн пансионаттар (43-кл.);

– улгайгандар үчүн эс алуу үйлөрү (43-кл.).

45-КЛАСС

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөр;

мүлктү жана жеке адамдарды коргоо үчүн коопсуздук кызматтары;

жеке адамдардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн башкаларга көрсөтүлүүчү, жекече жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр.

Түшүндүрмөлөр

Класска кирет, атап айтканда:

– жеке жана юридикалык жактардын коопсуздугуна тиешелүү болгон, иликтөө жана байкоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

– коштоп жүрүү, нике агенттиктери, тажыяларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу, коомдук иш-чаралар менен байланыштуу жеке адамдарга көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр;

– өзүнчө адамдарга же адамдардын тобуна, уюмдарга же ишканаларга көрсөтүлүүчү юридикалык кызмат көрсөтүүлөр.

Класска төмөнкүлөр кирбейт, атап айтканда:

– операцияларды жүргүзүүдө же коммерциялык ишканалардын функцияларын аткарууда түздөн-түз жардам көрсөтүү боюнча кесиптик кызмат көрсөтүүлөр (35-кл.);

– финансы же акча бүтүмдөрүнө тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр жана камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (36-кл.);

– саякатчыларды коштоо (39-кл.);

– кайтарылуучу унаа менен ташуу (39-кл.);

– окутуунун бардык түрлөрүн камтыган, адамдарды окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (41-кл.);

– ырчылардын жана бийчилердин чыгуулары (41-кл.);

– программалык камсыздоону коргоого тиешелүү маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр (42-кл.);

– ортомчулар көрсөтүүчү, адамдар жана жаныбарлар үчүн медициналык кам көрүү, гигиена жана косметика жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр (44-кл.);

– ижарага берүү боюнча айрым кызмат көрсөтүүлөр (п.b кызмат көрсөтүүлөрдү жиктөөгө тиешелүү болгон, киришүүнү, жалпы эскертүүлөрдү карагыла).