КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРYY ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
 
БИШКЕКТЕ КРЕАТИВДҮҮ ЭКОНОМИКАНЫН МААЛЫМАТ МОДЕЛИН ИШКЕ КИРГИЗҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

БИШКЕКТЕ КРЕАТИВДҮҮ ЭКОНОМИКАНЫН МААЛЫМАТ МОДЕЛИН ИШКЕ КИРГИЗҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 21-майында, Креативдүү экономиканын маалымат моделин ишке киргизүү боюнча иш-чара өттү. Ага Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунан, КР Экономика жана соода министрлигинен меймандар келип катышты.

Ошондой эле Колумбиядан, Литвадан жана Женевадан  креативдүү индустрия тармагындагы адистер катышып, бул багытта жүргүзүлүп жаткан саясат жана дүйнөлүк тажрыйбалардан баяндашты. 

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Бактияр Орозов куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Бул багыттагы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (БДИМУ) колдоосун жогору баалап, креативдүү индустриялардын жана жалпы креативдүү экономиканын өнүгүшүн тереңирээк талдап чыгууга жана андан ары өнүктүрүүгө бул мүмкүнчүлүктү толук пайдаланууга умтулабыз.

Айрыкча, креативдүү индустрия тармактарын интеллектуалдык менчик чөйрөсүнө тартуу маселеси өзгөчө мааниге ээ. Интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо — бул креативдүү индустриянын өкүлдөрүнө чоң коммерциялык мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Башкача айтканда, интеллектуалдык менчик институту аларга ички жана тышкы рынокторго чыгууга жол ачып, акыркы продуктунун кошумча наркын түзүүгө өбөлгө болот.

Кыргызстан үчүн — талантына бай, маданий мурастары мол жана жаңычылдыкка умтулган өлкө катары — креативдүү экономиканын маалымат моделинин ишке кириши жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бул модель креативдүү секторлордун экономикалык салымын так өлчөөгө, системалуу тоскоолдуктарды аныктоого жана натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга көмөктөшөт.

Бул иш-чарага профилдик министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышып жатканын эске алып, жакын арада Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилей кетким келет. Бул жаатта да БДИМУнун эксперттик колдоосу көрсөтүлөт деген ишенимдебиз”-деди министр Бактияр Орозов.

Кыргызпатенттин Инновациялар жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Мустапакулова азыркы иш алып барып жаткан Кыргызпатенттин мисалында Кыргызстандагы креативдүү экономика боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатка кеңири токтолду.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму жана Кыргызпатент биргелешип уюштурган.