Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТ Techno Women КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМУ ЖАНА КЫРГЫЗ ТЕХНОВУМЕН КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ МЕНЕН МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

КЫРГЫЗПАТЕНТ Techno Women КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМУ ЖАНА КЫРГЫЗ ТЕХНОВУМЕН КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ МЕНЕН МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

Бүгүн, 2025-жылдын 21-апрелинде Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева TechnoWomen коммерциялык эмес уюму жана Кыргыз Техновумен коомдук кайрымдуулук фонду менен инновациялык экосистеманы биргелешип өнүктүрүү, интеллектуалдык менчикти жайылтуу жана аялдар ишкердигин технологиялык тармакта колдоо боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту.

Мындай аракет “Санариптик көрдүмдөр баары үчүн. Жаңы жүздөр” аталышындагы иш-чаранын 2-күнүндө ишке ашты.

Белгилей кетсек, эки күндөн бери Кыргызстанда санариптик өнүктүрүүгө багытталган ири эл аралык форум өтүп жатат.

Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Россиядан эксперттер келип катышып, баяндамаларды жасашты.  Кечээ иш-чарага өлкөнүн Биринчи айымы Айгүл Жапарова келип катышып, колдоо көрсөттү.

Иш-чаранын экинчи күнү кызыктуу панелдик талкуулар, мастер-класстар жана тажрыйба алмашуулар менен коштолду.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кыргызстанда демилгелүү айымдар көп экенин, анын ичинде IT тармагы боюнча  айымдардын активдүүлүгү байкалаарын баса белгиледи:

“Ойлоп табуучулук, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоодо дагы арыз берүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү айымдар экени сыймыктандырат. Орто Азиядагы айымдардын аракети өзгөчө десек болот. Биздин айымдар дүйнөнү багындырууга даяр. Биздин айымдар дүйнөлүк базардагы орундарды ээлеш керек деп айтам. Мамлекет тарабынан да айымдарга өзгөчө көңүл бурулуп келе жатканын баса белгилеп кетким келет”-деди Рахат Керимбаева өз сөзүндө.