Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик (Кыргызпатент) Түрк патенти жана товардык белгиси боюнча мекемеси (ТҮРКПАТЕНТ) менен биргеликте уюштурган эки күндүк семинар онлайн режиминде өттү.

Иш-чаранын негизги максаты географиялык көрсөткүчтөрдү каттоо жана укуктук жактан коргоо маселелерин талкуулоо болду.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана Түркпатенттин президенти, профессор Зеки Дурак сөз сүйлөштү.

Кыргызпатенттин директору географиялык көрсөткүчтөр жаатында Түркиянын тажрыйбасын үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жакында Кыргызстанда географиялык көрсөткүчтөр боюнча мыйзам кабыл алынганын баса белгиледи.

Ошондой эле, семинар географиялык көрсөткүчтөрдүн улуттук системасын өнүктүрүүгө баалуу салым болуп, аларды укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө жардам берерине ишенимин билдирди.

Семинардын программасы Түркиядагы географиялык көрсөткүчтөр системасын изилдөөгө багытталган. Биринчи күнү катышуучулар географиялык көрсөткүчтөрдүн  иштеши, ошондой эле арыздарды даярдоо жана кароо процесстери менен таанышты.

Экинчи күнү каттоодон кийинки көзөмөл, аудит механизмдери, ар кандай институттар менен кызматташуу, ошондой эле географиялык көрсөткүчтөрү бар продукцияны алдыга жылдыруу боюнча маркетинг стратегиялары талкууланат.

Тараптар бул семинар интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргызпатент менен Түркпатенттин ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташууну бекемдөө үчүн эффективдүү аянтча болуп болоруна ишеним билдиришти.