Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө карата “Интеллектуалдык менчик жана музыка” аттуу балдардын сүрөттөрүнө конкурс жарыяланат

Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду 2025-жылдын 1-мартынан 10-апрелине чейин 7 жаштан 18 жашка чейинки балдарды “Интеллектуалдык менчик жана музыка” сүрөт конкурсуна катышууга чакырат!

Мында сүрөт тартуу техникасы, катышуучулардын даярдык деңгээли жана сүрөттүн көлөмү маанилүү эмес. Башкысы, конкурска катышуу!

Жвйынтыгы 2025-жылдын 20-апрелинде чыгат.

Конкурстунжеңүүчүсүэксперттер, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү тарабынан ачык добуш берүү жолу менен аныкталат.

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалымат жеңүүчүлөрдүн аты-жөнүн жана жаш курагын көрсөтүү менен, ошондой эле конкурстун жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү Кыргызпатенттин http://patent.gov.kg / жана ИМ Мамфонддун fund.patent.kg  сайттарында жайгаштырылат.

Сүрөттөрдү ИМ Мамфондунун почтасына же Сайкал Русланованын почтасына жүктөөгө болот: s.ruslanova@patent.kg, моб. +996 709 711109. Же төмөнкү дарекке жөнөтүү керек: Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду, 720021, Бишкек ш., Москва көчөсү, 62, 1-кабат, 102-кабинет.