
Сессияда негизги маселелер, анын ичинде Өнүктүрүү күн тартибин ишке ашыруу, ИМБДУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү салымы, инновацияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, билим берүү программаларын өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести колдоо жана гендердик теңчиликти илгерилетүү талкууланды.
Исламбек Мойдинов өз сөзүндө ИМБДУнун туруктуу өнүгүү, билим берүү жана ишкердикти колдоо жаатындагы демилгелерди ишке ашыруу боюнча аракеттерин белгиледи.
Ал ошондой эле ИМБДУнун интеллектуалдык менчикти коргоо контекстинде сот тутумун өнүктүрүү боюнча ишин белгилеп, Кыргыз Республикасында бул жаатта сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун актуалдуулугун белгиледи.
Сессиянын жүрүшүндө И.Мойдинов ИМБДУнун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.