

2025-жылдын 30-апрелинде Ташкентте (Өзбекстан Республикасы) КМШга мүчө-мамлекеттердин илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыгы боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин (ИК СТИ) 35-жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргызпатент) директорунун орун басары Улан Исмаилбеков катышты.
Отурумдун жүрүшүндө Кеңештин мурунку отурумунун чечимдерин ишке ашыруу, КМШ өлкөлөрүндөгү илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүктүн учурдагы абалы, ошондой эле 2030-жылга чейин инновациялык кызматташтыктын мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу маселелери каралды.
…………………