Кыргызпатенттин расмий сайты
 
2025 WOMEN AND IP SYMPOSIUM FOR IP OFFICES Copyright: WIPO. Photo: Emmanuel Berrod. This work is licensed under a https://creativecommons.org/licenses/by/4.0/ .
WIPO Conversation on IP and Frontier Technologies Copyright: WIPO. Photo: Emmanuel Berrod. This work is licensed under a https://creativecommons.org/licenses/by-nc-nd/4.0/ .

Кыргызпатенттин директору ИМБДУнун Женевадагы симпозиумуна катышты
Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева 2025-жылдын 30-апрелинен 2-майына чейин Женева шаарында өткөн ИМБДУнун «Аялдар жана интеллектуалдык менчик» аттуу симпозиумуна катышты.
Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн патенттик мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, аялдардын интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармагындагы катышуусун күчөтүү маселелерин талкуулашты. Темалардын негизги багыты — аялдардын лидерлиги, ишкер аялдарды колдоо, ментордук программалар жана өнөктөштүк.
Симпозиум алкагында Рахат Керимбаева ИМБДУнун Өнүккөн жана өткөөл экономикалар бөлүмүнүн директору Хабиб Асан менен жолугушту. Алар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ИМ жаатындагы биргелешкен демилгелерди илгерилетүү боюнча пикир алышты.
……….