Кыргызпатенттин расмий сайты
 
“40 район – 40 китеп” адабий конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

“40 район – 40 китеп” адабий конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

“40 район – 40 китеп” адабий конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) уюштурган “40 район – 40 китеп” адабий конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучулары, филология илимдеринин доктор-кандидаттары, белгилүү акын-жазуучулардын курамынын түзүлгөн конкурстун Калыстар тобу чыгармачылык иштерди Жобонун талабына жана баалоонун чен-белгилерине ылайык карап, ой-пикир, сунуштарды эске алып, төмөндөгү 6 авторду жеңүүчү деп табышты.

“Проза” номинациясы боюнча

— Жолдошбай Осмонов “Канышанын ую”;

— Бектемир Багышкулов “Көз ирмем”;

—  Мусакун Сатыбалдиев “Сыр дүйнө”.

 

 “Поэзия” номинациясы боюнча

— Абдилаат Дооров “Жийде бурак”;

— Тайир Аширбаев “Балалуу байчечекей”.

 

 “Маданият жана искусство боюнча адабияттар” номинациясы боюнча

— Нурбек Жолбунов “Жан дүйнөм менин ырдаганда”.

Эми конкурстун шарты боюнча жогоруда аталган жеңүүчү авторлордун китептери Кыргызпатенттин эсебинен жарыкка чыгат. 

         Маалымат үчүн:        

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 тескемесин аткаруу максатында Кыргызпатент “40 район – 40” китеп” адабий конкурсун откөрүү үчүн 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин өтүнмөлөрдү кабыл аларын жарыялаган.

Конкурстун максаты – аймактардагы таланттарды табуу жана алардын чыгармачылыгына өбөлгө түзүү, колдоо, китептердин чыгарып берүү жана коомчулукка тааныштыруу, жайылтуу, дегеле кыргыз адабиятына кошкон салымдарын чыңдоо болуп саналат.

Конкурска катышуу үчүн жалпысынан 67 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен жобонун талабы боюнча 47 автордун материалдары толук жана алардын аты-жөнү жашырылып, чыгармачылык иштерге сыр номер коюлуп, Калыстар тобуна электрондук түрдө жөнөтүлгөн. Ошондо: 

1) “Проза” – 10 өтүнмө;

2) “Поэзия” –33 өтүнмө;

3) “Публицистика” – 1 өтүнмө;

4) “Балдар жана жаштар адабияты” – 2 өтүнмө;

5)  “Маданият жана искусство боюнча адабияттар” – 1.

Аймактарга бөлүштүргөндө:

Баткен облусу – 6 автор; 

Жалал-Абад облусу – 15 автор;

Нарын облусу – 9 автор;

Талас облусу – 3 автор;

Ош облусу – 5 автор;

Чүй облусу – 3 автор;

Ысык-Көл облусу – 6 автор.