


Бүгүн, 2025-жылдын 28-февралында, “40 райондон 40 демилге” долбоорунун 2024-жылдагы жеңүүчүлөрү менен, каражатты алуу боюнча келишимге кол коюлду.
Эми түзүлгөн келишимдин негизинде, жеңүүчүлөр каражаттарды алып, ага тиешелүү жабдууларды сатып алууга шарт түзүлөт.
Эске салсак, “40 райондон 40 демилге” долбоору Кыргызпатент тарабынан 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. Долбоордо ийгиликке жетишкен инновациялык долбоорлор – 1 миллион сомго чейин, ал эми стартап долбоорлор 500 миң сомго чейинки кайтарымсыз колдоо алышат.
Бул – элет жериндеги инновацияны жана ишкерликти колдоо максатында уюштурулган саамалыкка 2022-жылдан бери 1000деген ишкерлер катышып, 20дан ашуун долбоорлор кайтарымсыз колдоо алышкан.