Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-апрелинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын 23-отурумуна даярдык көрүү максатында Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын төрагасына караштуу Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун отуруму өтүп жатат.
 
ЖККУнун тышкы экономикалык байланыштар боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын даярдоо боюнча жумушчу топтун курамына Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Армения Республикасынын өкүлдөрү кирет.
 
Жумушчу топтун күн тартибинде 12 маселе, анын ичинде ЖККУ өлкөлөрүнүн ортосундагы аскердик-экономикалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган интеллектуалдык менчикти коргоо маселелери бар.
 
Тактап айтканда, ЖККУнун алкагында аскердик-экономикалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын пайдалануу шарттарын жана укуктук коргоону камсыз кылууга тиешелүү жоболорду — макулдашууларга (контракттарга) киргизүү боюнча Методологиялык сунуштарга толуктоолор каралды.