Кыргызпатенттин расмий сайты
 
ДИЗАЙНДЫ УКУКТУК КОРГООГО АРНАЛГАН СЕМИНАР ӨТТҮ

ДИЗАЙНДЫ УКУКТУК КОРГООГО АРНАЛГАН СЕМИНАР ӨТТҮ

2024-жылдын 31-майында “Дизайнды укуктук коргоо: Евразиялык аймакта өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо системасын өнүктүрүү” деген аталыштагы семинар өттү.

Кыргызпатент жана Евразия патенттик уюму биргелешип уюштурган семинарга ишкерлер, юристтер, эксперттер катышты. Иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева:

“Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө инновация прогресстин кыймылдаткыч күчү болуп калганда, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууда интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо негизги ролду ойнойт. Биз бүгүн бул жерде өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоонун учурдагы системасын талкуулоо үчүн гана эмес, биздин аймакта чыгармачылыкты жана технологиялык прогрессти стимулдаштырууда анын маанисин жакшыраак түшүнүү үчүн келдик.

Биздин семинар мыкты тажрыйбаларды жана идеяларды алмашуу мүмкүнчүлүгү гана эмес, ошондой эле биздин укуктук коргоо системабызды чыңдоого жана аны жаңы чакырыктарга ылайыкташтырууга жардам бере турган стратегиялык сунуштарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Бул жерге чогулган алдыңкы эксперттер жана укук ээлери уникалдуу тажрыйбага жана билимге ээ, алар инновацияларга жана интеллектуалдык укуктарды коргоого көмөктөшүүчү чөйрөнү түзүү боюнча жалпы максатыбызга жетүүдө баа жеткис мааниге ээ”,-деген пикирин билдирди.

Бул иш-чара биргелешип аракеттенүүнүн жана билимдерди бириктирүүнүн платформасы болуп калды,-дешет семинардын катышуучулары. Иш-чарада актуалдуу маселелер талкууланып, чыныгы тажрыйбаларды бөлүшүүгө жана алдыга жылуу үчүн жаңы ыкмаларды издөөгө шарт түзүлдү.

2024-жылдын 31-майында Бишкек шаарында өткөн семинардын презентациялары «Дизайнды укуктук коргоо: Евразиялык аймакта өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо системасын өнүктүрүү»

Базаркулов А.Э. «Промышленный образец для защиты прав на дизайн. Опыт Кыргызской Республики»

Абенова А. «Формирование и развитие евразийской системы правовой охраны промышленных образцов. Особенности региональной системы патентования»

Абенова А. «Дизайн в цифровой среде. Охрана географических интерфейсов пользователя»

Кудайбердиева Г.Н. «Авторское право. Программы ЭВМ и Базы Данных»

Рыбчак В.В. «Дизайн в цифровой среде и промышленный образец. Охрана графических интерфейсов пользователя: ключевые особенности, проблемы с защитой»

Марюхина О. «Дизайн в цифровой среде. Вопросы правовой охраны графических интерфейсов пользователей»

Абенова А. «Промышленный образец и товарный знак, объект авторского права»

Кабаева А. «Экспертиза товарных знаков. Рассмотрение заявок содержащих элементы авторского права и промышленного образца»

Рыбчак В.В., Кратюк А.В. «Промышленный образец с охраняемыми товарными знаками и объектами авторского права. Особенности составления и экспертизы заявок»

Марюхина О. «Промышленные образцы vs. Товарные знаки. Примеры из практики»