


Бишкекте Курманжан-Датка эстелигинин жанында, MakerFest Bishkek 2025 фестивалы өтүп жатат. Анда Кыргызпатенттин долбоорлоруна катышкан стартапчылар, дизайнерлер, инженерлер жана энтузиасттар өз колунан жаралган эмгектерин жарманкеге коюшкан.
Ошондой эле, Инновациялык Борбордогу 3D басып чыгаруу, робототехника, жабдуулары да көргөзмөдөн орун алды. Программада Кыргызстандын креативдүү экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон мастер-класстар, көргөзмөлөр, интерактивдүү зоналар жана стартаптар үчүн питч-сессиялар камтылган.
Иш-чаранын максаты – инновацияларды, чыгармачылыкты жана технологияны бириктирген уникалдуу фестиваль жаратуучулардын жаңы муунун шыктандыруу,-дешет уюштуруучулар.
Программалоо жана экологиялык таза чечимдер боюнча долбоорлорду көрсөтүү үчүн ойлоп табуучулардын, инженерлердин, дизайнерлердин жана энтузиасттардын башын бириктирген иш-чарага “Билим Бишкек” борборунан, И. Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетинен да өкүлдөр келип, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ноутбуктарды элдин назарына сунуштады.
MakerFest идеяларды алмашуу, өнөктөштүктү куруу жана STEAM билимин жайылтуу үчүн аянтча катары кызмат кылат жана Бишкектин инновациялар үчүн аймактык хаб катары потенциалын көрсөтүүгө багытталган. Фестиваль концерттик программа менен коштолду. Иш-чарага Кыргызпатенттин директорунун орун басары Исламбек Мойдинов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.