Кыргызпатенттин расмий сайты
 
АЗАМАТ ОТУНЧИЕВГЕ «ЖАРЧЫ» ЖАНА «КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫ» ЧЫГАРМАЛАРЫНА АВТОРДУК КҮБӨЛҮК ТАПШЫРЫЛДЫ

АЗАМАТ ОТУНЧИЕВГЕ «ЖАРЧЫ» ЖАНА «КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫ» ЧЫГАРМАЛАРЫНА АВТОРДУК КҮБӨЛҮК ТАПШЫРЫЛДЫ

5
1 (3)
6
10
previous arrow
next arrow

Бүгүн, 2024-жылдын 5-майында Маданияттын мыкты кызматкери Азамат Отунчиевдин “Жарчы” жана “Кыргыз кыздары” аттуу чыгармаларына Кыргызпатент автордук күбөлүк тапшырды. Мындай саамалык аталган чыгармалардын бет ачарында ишке ашты. Иш-чара Президенттин “Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилөө” жөнүндө жарлыгынын алкагында уюштурулган.

Иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Саламат Садыкова, Айбек Карымов сыяктуу өнөр адамдары, ырчылар, комузчулар, журналисттер жана жалпы эле автордун чыгармачылыгынын күйөрмандары келишкен. Чыгармачыл кечеде автордун ырлары жана күүлөрү жаңырды, каалоо-тилектер айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызпатент Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата бир катар иш-чараларды өткөрүп келет. Алсак, буга чейин Салттуу музыка алып жүрүүчүлөр менен биргеликте иш-чара өткөрүлгөн. Алдыда бир нече иш-чараларды өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.