Кыргызпатенттин расмий сайты
 
“БИЛИМ БИШКЕК” ДОЛБООРУНУН АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ ТҮРКИЯНЫН БИРИНЧИ АЙЫМЫ КАТЫШТЫ

“БИЛИМ БИШКЕК” ДОЛБООРУНУН АЧЫЛЫШ АЗЕМИНЕ ТҮРКИЯНЫН БИРИНЧИ АЙЫМЫ КАТЫШТЫ

2024-жылдын 6-ноябрында, “Билим Бишкек” долбоорунун ачылыш аземи болду. Иш-чарага Түркиянын Биринчи Айымы Эмине Эрдоган келип катышты. 

Салтанаттуу иш-чара лента кесүү менен башталып, чакан концерттик программа менен коштолду. 

Аталган билим борборунда 4 жаштан 16 жашка чейинки улан-кыздар дизайн, технология, математика, табигый илимдер, астрономия, авиация жана космонавтика багытында кошумча бекер билим ала алышат. 

Бул саамалык Кыргызпатент, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, ТИКА, Т-3 фонду биргелешип 2024-жылдын 19-мартында кол койгон төрт тараптуу меморандумдун негизинде ишке ашууда.