Кыргызпатенттин расмий сайты
 
БИШКЕКТЕ ЭСКАТО КАТЧЫЛЫГЫНЫН СУБРЕГИОНАЛДЫК СЕМИНАРЫ УЛАНУУДА

БИШКЕКТЕ ЭСКАТО КАТЧЫЛЫГЫНЫН СУБРЕГИОНАЛДЫК СЕМИНАРЫ УЛАНУУДА

Бүгүн, 2024-жылдын 27-июну — “ЭСКАТО” субрегионалдык семинардын экинчи күнү. Кыргызпатент өз өнөктөштөрү менен биргелешип уюштурган иш-чара кызыктуу талкуулар менен өтүп жатат. 

СПЕКАнын туруктуу өнүгүү үчүн инновациялар жана технологиялар боюнча жумушчу тобунун бешинчи сессиясында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп: 

“Акыркы жылы биз инновацияларды жана технологиялык өнүгүүнү колдоого багытталган стратегияларыбызды жана пландарыбызды ишке ашырууга олуттуу кадамдарды жасадык. 2023 –2024-жылдар мезгилиндеги жетишкендиктерди баалоо биздин биргелешип иштөөгө жана конкреттүү натыйжаларга жетүүгө жөндөмдүүлүгүбүздү дагы бир жолу далилдеди. 2022 – 2026-жылдарга Азия-Тынч океан маалыматтык супермагистралы боюнча демилгени ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планына тиешелүү ЭСКАТОнун 79/10 демилгесин аткарууну, ошондой эле Жетектөөчү кеңештин 16-сессиясында Ташкентте бекитилген СПЕКАнын туруктуу өнүгүү үчүн инновациялык стратегиясын ишке ашырууну өзгөчө белгилей кетүү керек”-деген пикирин ортого салды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан БУУ ЭСКАТО Азия-Тынч океан аймагындагы чек ара кагазсыз Соодага көмөктөшүү боюнча Кеңешке Төрагалык кылууда. 

Алкактык макулдашуу Кеңешинин Төрагалыгына Кыргызстандын шайланышы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жаатында эл аралык ченемдерди жана стандарттарды илгерилетүү процессинин активдүү жана жоопкерчиликтүү катышуучусу катары анын ролун таануу болуп саналат. 

ЭСКАТО семинарлары жана Инновация менен технологиялар багытында туруктуу өнүгүү боюнча жумушчу топтун бешинчи сессиясы 26-июндан тартып 28-июнга чейин уланат.