Кыргызпатенттин расмий сайты
 
Географиялык көрсөткүчтөрдү каттоо — региондордун экономикасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизет

Географиялык көрсөткүчтөрдү каттоо — региондордун экономикасын өнүктүрүүгө таасирин тийгизет

2024-жылдын 26-июнунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясында Кыргызпатент Кыргыз Республикасында географиялык көрсөткүчтөрдү түзүү боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага шаар акимчилигинин жана мэриянын кызматкерлери, кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү катышты. Бул жолугушуу КыргызРеспубликасынын Президентинин 2022-жылдын 18–октябрындагы № 350 Жарлыгы «Кыргыз Республикасынын Административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 29 Жарлыгы «Бир айыл -бир продукт» улуттук экономикалык долбоору жөнүндө»маанилүү улуттук демилгелерди ишке ашырууга багытталган.

Өзүнүн сөзүндө Кыргызпатенттин директордун орун басары У. Исмаилбеков географиялык көрсөткүчтөрдүн брендди илгерилетүү жана аймактарды өнүктүрүү куралы катары маанисин билдирди. Ал географиялык көрсөткүч алардын географиялык келип чыгышына байланыштуу белгилүү сапаттарга, кадыр-баркка же башка мүнөздөмөлөргө ээ товарлар үчүн катталаарын баса белгиледи.

Ошондой эле ишкерлер региондорду колдоо боюнча Кыргызпатенттин республикалык сынагына «40 район – 40 демилге» катышуусун чоң кызыгуу менен талкуулашты.

…………….