Кыргызпатенттин расмий сайты
 
ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН “КУТТУУ БИЛИМ” ЧЫГАРМАСЫНДАГЫ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК БАЙЛЫК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ОЙЛОР

ЖУСУП БАЛАСАГЫНДЫН “КУТТУУ БИЛИМ” ЧЫГАРМАСЫНДАГЫ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК БАЙЛЫК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ОЙЛОР

Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында 2023-жылы Министрлер кабинети атайын токтом кабыл алган. Буга байланыштуу Кыргызпатент бир катар иш-чаралардын катарында “ Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасындагы интеллектуалдык байлык жана инновациялык ойлор” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү – Түркиядан, Азербайжандан, Казакстандан илимпоз, окумушутуулар онлайн түрүндө катышышты. Ошондой эле, Жусуп Баласагындын “Куттуу билими” боюнча буга чейин адабий эмгектер гана жазылып келсе, бул жолу физика, астрономия, биология, психология илимдери боюнча макалалар жазылды. Өлкөнүн бардык жогорку окуу жайларынан окумуштуулар катышышты. Алардын макалалары Кыргызпатенттин “Вестник” журналынын атайын чыгарылышына басылып чыкты. Ар бир катышуучуга атайын сертификаттар тапшырылды.

Конференциянын аты айтып тургандай эле ага интеллектуалдык байлык боло турган жана инновациялык идеяалары бар, жаңычыл эмгектер катышты. Докладчылар өздөрүнүн видеолору жана сүрөттөрү менен жазган эмгектерин көрүүчүлөргө түшүндүрүп беришти. Макалалар маанилүү жана кызыктуу жазылган.

Заман алмашып, доор өзгөрсө да бүтүндөй түрк дүйнөсүнө таанымал ойчул, улуу акын Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” чыгармасы актуалдуулугун жоготпой келет. Анткени интеллектуалдык байлык болуп инновациялык идеялар, ачылыштар чыгууда.  Илимге-билимге, маданиятка, адамдык аң-сезимге түгөнбөс булак болууда.

Конференциянын соңунда катышуучулар Жусуп Баласагынды даңазалоо чыгармачылыгын жайылтуу боюнча сунуштарын ортого салды. Алар: атайын борбор, курстарды ачуу, идеология катары калкка жайылтуу, акыл-насааттарга ширелишкен саптарын атайын чөнтөк китеп кылып чыгаруу, Баласагынчылар  тобун уюштуруу.