Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КАРА-БАЛТА ШААРЫНДАГЫ КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ЖУМУШЧУ КЕҢЕШМЕСИ: ГЕОГРАФИЯЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРДҮ ЖАНА АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ 

КАРА-БАЛТА ШААРЫНДАГЫ КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ЖУМУШЧУ КЕҢЕШМЕСИ: ГЕОГРАФИЯЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРДҮ ЖАНА АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ 

2024-жылдын 11-сентябрында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясында Кыргызпатент тарабынан уюштурулган жумушчу жыйын болуп өттү. 

Кыргызпатенттин директорунун орун басары У.Исмаилбеков Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Н.Дүйшөнов жана акимдин биринчи орун басары А.Нурбеков менен жолугушуп, Кыргыз Республикасында географиялык көрсөткүчтөрдү түзүү маселелерин талкуулады.

Иш-чарага райондук администрациянын, мэриянын кызматкерлери, Москва, Панфилов, Сокулук райондорунун райондук администрацияларынын башчылары, ошондой эле кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү катышты.

Жыйын — улуттук демилгелерди, анын ичинде Кыргызстандын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү жана региондук өнүктүрүү жөнүндө” жана 2023-жылдын 20-февралындагы №29 “Улуттук “Бир айыл – бир продукт” экономикалык долбоорун ишке ашырууга багытталган.

У.Исмаилбеков географиялык көрсөткүчтөрдүн бренддерди жана өнүгүп жаткан аймактарды алдыга жылдыруунун эффективдүү инструменти катары маанисин белгилеп, алар географиялык келип чыгышына байланыштуу өзгөчө сапаттагы товарларга катталаарын түшүндүрүп берди.

Ишкерлер Кыргызпатент тарабынан уюштурулган «40 район – 40 демилге» республикалык сынагына катышууну активдүү талкуулады. Жалпы катышуучулардын саны 45 адамды түздү.

Мындан тышкары, Кыргызпатенттин кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы Кыргыз медициналык-стоматологиялык институтунда жана Шопоков шаарындагы Кыргыз тил жана маданият институтунун колледжинде лекцияларды окушту. 

Мугалимдер жана студенттер талкууларга активдүү катышып, мындан аркы окууга кызыкдар экенин белгилешти. Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо боюнча курстардан өтүү каалоолорун билдиришти.