Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КРЕАТИВДҮҮ ИНДУСТРИЯДАГЫ ӨНӨРЛҮҮ АЙЫМДАРДЫ КОЛДОГОН “КУРАК” ДОЛБООРУ

КРЕАТИВДҮҮ ИНДУСТРИЯДАГЫ ӨНӨРЛҮҮ АЙЫМДАРДЫ КОЛДОГОН “КУРАК” ДОЛБООРУ

31-июлдан 2-августка чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун креативдүү тармактарынын өкүлдөрү гендердик укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн инновациялык методологиясын үйрөнүштү. 40тан ашуун катышуучу гендердик-сезимтал аракеттерди иликтөө жана аныктоо системасы боюнча тренингден (ТКЧ) өтүштү.

Бул методология биргелешип катышуу принциптерине негизделген жана үй чарбаларынын жана жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде жүзөгө ашырылат.

«Курак — креативдик индустриядагы аялдарды жана кыздарды колдоо» пилоттук долбоор (GIZ) Германиянын эл аралык кызматташтык коому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен тыгыз кызматташтыкта өтүп жатат. Катышуучу аялдар жеке жана кесиптик жашоосунда ийгиликке жана гармонияга жетүү үчүн кандай куралдарды колдонууну керектигин, мисалы өз кыялдарын түзүүнү жана аны сүрөттөөгө, «Кыялга саякат» аспабынын жардамы менен аларга жетүү үчүн кадамдык планды иштеп чыгуу жана «бактылуу үй-бүлөнүн дарагы» инструментин колдонуу менен гармониялуу үй-бүлөлүк мамилелерди курууну үйрөнүү. Алардын ар бири тренинг аркылуу өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп калды деп белгилешти жана алар алган билимдерин күнүмдүк турмушунда колдонууга даяр экендигин билдиришти. Бул пилоттук долбоор Ош шаарында өткөрүлүп, ага 50дөн ашуун аял катышкан. Ал эми Бишкекте өтүп жаткан тренингге 40 катышуучу келди. Тренингдин экинчи этабында бизнес-пландарды түзүүнү үйрөнүшөт. Бардык катышуучуларга сертификаттар берилет. Иш-чара октябрь айында аяктайт. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат, Мындан тышкары Бишкек жана Ош шаарларында креативдүү индустриянын өкүлдөрүнүн катышуусунда ири фестивалдар өткөрүлөт.