Кыргызпатентте 2024-жылдын 25-октябрында “40 райондон 40 демилге” долбоорунун тандоо туру өттү. Финалга тандалып алынган 32 долбоордун авторлору калыстар тобунун алдында өздөрүнүн идеяларын жакташты.
Жыйынтыгында төмөнкүлөр жеңишке жетишти.
Инновациялык долбоорлор:
- Бакирова Жанаркан Токоновна, “Бай Дыйкан” биолабораториясын модернизациялоо;
- Таабылдиев Нурсултан Абдиллакимович, Сынч блок, сынч панели жана сынч плитасы “Эко 3Д панели”
- Эрмекова Зулайка Карыбековна, “Дан кыям” долбоору.
Стартап долбоорлор:
- Султангазиева Анаркуль Аскарбековна, Катуу калдыктарды кайра иштетүү жана жок кылуу боюнча инженердик станция;
- Салымбаев Амантур Карыпович, “Мор чыпкасы”;
- Керимкулов Жолдош Асанович, “Probiotec” долбоору;
- Омаралиев Эрик Эркенович, “FoodCraft SL” долбоору;
- Маматбекова Салтанат Жолдошовна, “Jemish_snacks” долбоору.
Эске салсак, “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №411 токтому кабыл алынган. Ага ылайык, инновациялык долбоорлорго 1 000 000 сомго чейинки, ал эми стартап долбоорлорго 500 000 сомго чейинки кайтарымсыз каржы берилет.
2024-жылдагы Тандоого республиканын бардык аймактарынан 206 өтүнмө келип түшкөн. Алдын ала тандалып алынган 34 долбоордун ээлери эки ай акселерациялык программадан өтүштү. Эки катышуучу тандоо шарттарын толук аткарбагандыгына байланыштуу, өз ыктыяры менен долбоорго катышуудан баш тарткан.
Токтомдун 2-тиркемесине ылайык, «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча Комиссиянын ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт.