Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТКЕ АЛГАЧКЫ ИРЕТ ГЕОГРАФИЯЛЫК КӨРСӨТМӨ КАТАРЫ КАТТОО БОЮНЧА ӨТҮНМӨ КЕЛИП ТҮШТҮ

КЫРГЫЗПАТЕНТКЕ АЛГАЧКЫ ИРЕТ ГЕОГРАФИЯЛЫК КӨРСӨТМӨ КАТАРЫ КАТТОО БОЮНЧА ӨТҮНМӨ КЕЛИП ТҮШТҮ

2024-жылдын 30-октябрында, Кыргызпатентке Арстанбап жапайы жаңгагын географиялык көрсөтмө катары каттоо боюнча өтүнмө келип түштү. 

Өтүнмө “Артсанбап жапайы жаңгагы” географиялык көрсөтмөсүн башкаруу Ассоциациясы тарабынан берилүүдө.

Бул — Арстанбап жаңгагы деген бренд дүйнөгө тарайт дегенди билдирет. 

Географиялык көрсөтмө — бул бир жерден же аймактан чыккан жана ошол аймакка тиешелүү өзгөчө сапатка же касиетке ээ болгон өнүмдөр. 

Кыргызстанда географиялык көрсөтмө катары катталуучу товарлар көп, алсак, Өзгөн күрүчү, Токтогул балы, Баткен өрүгү сыяктуу. 

2023-жылдын 24-мартында № 70 «Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, ушул мыйзамдын негизинде жаңы объект “географиялык көрсөтмө” ишке кирген. 

Регионалдык бренддерди колдоо максатында 2024-жылдын 26-апрелинде Президенттин Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүнү колдоо максатында өз ара аракеттенүү жөнүндөгү” эки тараптуу Макулдашууга кол коюлуп, Кыргызпатенттин кызматкерлери облустарда интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого өтүнмө берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен.

Ошондой эле 2024-жылдын 25-апрелиндеги №203 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасы жөнүндө” Токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү баалоо системасынын МЕТОДИКАСЫ кабыл алынып анын негизинде ар бир облуска экиден географиялык көрсөтмө каттоо боюнча программага киргизилген.