Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗ СЕРИАЛДАРЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛК БЕКЕР КӨРҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТҮЗҮЛӨТ!

КЫРГЫЗ СЕРИАЛДАРЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛК БЕКЕР КӨРҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТҮЗҮЛӨТ!

Бул тууралуу бүгүн, Бишкекте “Креативдүү индустрияны өнүктүрүүнүн келечеги: ийгиликке жол” деген аталыштагы семинар-тренингдин жүрүшүндө “Кыргыз тасмасы” мамлекеттик мекемесинин директору Талантбек Төлөбеков маалымдады. Анын айтымында, кыргыз режиссерлору тарткан теле  сериалдар өлкөдөгү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан 40 телеканалга бекер таратылат. Мындай саамалык Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен ишке ашырылууда. Эми жеке менчик кино студиялар да мамлекет тарабынан каржылана турган болууда,-дейт ал.

Бүгүн, 2024-жылдын 25-июнунда, Бишкекте “Креативдүү индустрияны өнүктүрүүнүн келечеги: ийгиликке жол” деген аталыштагы семинар-тренинг болуп өттү. Ага Борбордук Азия жана Евразия өлкөлөрүнүн креативдүү индустрия өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Стандарттан тышкары ой жүгүртүү, башкалар тоскоолдуктарды көргөн жерден мүмкүнчүлүктөрдү көрүү жана милдеттерди чечүүгө  чыгармачылык менен мамиле жасоо бул жашоо тармакта ийгиликтуу өнүгүп- өсүүгө жардам берген негизги сапаттар болуп эсептелет.

Бугун билим берүүгө жана изилдөөгө чыгарпмачылык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун арттырууга көңүл буруу, аны менен жаңы муундун креативдүү экономиканы өндүрүү,  түзүү жагына тарбиялоо керек. Бул үчүн мамлекет жана коом буга баардык шарттарды түзүүсү зарыл. Буга байланыштуу Кыргызстанда креативдүү индустриялар паркы түзүлүп иш алып барууда”-деди өз сөзүндө Рахат Керимбаева.  

БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясы, БУУнун Борбор Азиялык экономикасы боюнча атайын программасы, Евразия изилдөөлөр борбору, Хенли бизнес мектеби, Рединг университети жана Улуу Британия биргелешип өткөргөн иш-чара — жаңы билим, идеялардын булагы гана болбостон шыктандыруучу дискуссияларды жана ийгиликтүү өз ара иштешүүнүн аянтчасы болуп калды.

…………………………..