Кыргызпатенттин расмий сайты
 
“БИЛИМ БИШКЕК” ДОЛБООРУ АЧЫЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ

“БИЛИМ БИШКЕК” ДОЛБООРУ АЧЫЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ


 


 
“Билим Бишкек” долбоорун ишке ашыруу үчүн реконструкциядан өтүп жаткан имарат окуучуларды кабыл алууга дээрлик даяр болуп калды. Бүгүн, 2024-жылдын 7-октябрында, Кыргызпатенттин, ТИКА-Бишкек долбоорунун жана Кыргыз Улуттук Университетинин жетекчилери имараттын курулуш иштери менен таанышышты. 
 
“Билим Бишкек” долбоорунун ачылыш аземи  5-ноябрда Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келгенде өтөөрү күтүлүүдө. Андан соң, так илимдерге кызыккан балдарга бул борбор өз эшигин ачат. 
 
Бул жерде 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар мектептен кийин келип билимин өркүндөтүп, теориялык билимди турмушта колдонууга жана ишке ашырууга шарт түзүлөт,-дешет долбоордун өнөктөштөрү. 
 
Борбордо билим алган жаштар эл аралык сынактарга катышып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга шарт түзүлөт. Ушул жерден кечелектеги илимпоздор, ойлоп табуучулар тарбияланып чыгат деген ишеним чоң. 
…………………….