Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Сүрөт искусство музейинде. Гапар Айтиева Кыргызпатент өткөргөн “Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары” көргөзмөсүн аяктады.

Эске салсак, көргөзмөгө мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ата мекендик ойлоп табуучулар, чыгармачыл тармактын өкүлдөрү жана авторлор, бизнес ээлери, стартаптар, ЖОЖдор, колледждер, мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелер катышты.

Көргөзмө экономиканын бардык тармактарында өттү жана кызматташуу үчүн ишкердик байланыштарды түзүүгө жана бүтүрүүгө катышуучулар үчүн эффективдүү бизнес аянтча болуп калууга, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна жаңы рынокторду ачууга багытталган; инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү табуу, биргелешкен компанияларды түзүү.

Бүгүн иш-чаранын катышуучулары тематикалык сессияларга жана мастер-класстарга катышты. Чогулгандарга медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков, крикет чарбасынын директору Адылбек Гапаров жана башкалар чыгып суйлешту.

Көргөзмөгө 300дөн ашык катышуучу катышып, өлкөнүн бардык аймактарынан 700дөн ашык экспонаттар коюлган. Көргөзмөнүн катышуучуларына тиешелүү ыраазычылык каттар жана дипломдор тапшырылды. Кемин жана Ноокат балдар чыгармачылык борборлорунун өкүлдөрүнө ар бирине 75 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жыйынтыгында түстүү каталог чыгарылат.