Кыргызпатенттин расмий сайты
 

“StartUp студенттер” сынагынын биринчи этабынын жыйынтыгы

13-декабрда Кыргызпатентте Startup Students сынагынын стартап долбоорлорун алдын ала тандоо боюнча сынактык комиссиянын экинчи отуруму болуп өттү.

Сынактын жобосуна ылайык, көз карандысыз эксперттердин конкурстук комиссиясы 2 күндүн ичинде ар бир стартап-долбоорду төмөнкү критерийлер боюнча алдын ала баалады:

1) долбоордун жаңычылдыгы;

2) долбоордун социалдык мааниси;

3) долбоорду коммерциялаштыруу перспективалары;

4) кийинки алты айга сынакка катышуунун алкагында долбоорду иштеп чыгуу планы.

Берилген 100 арыздын ичинен 10 долбоор сынактын финалына катышуу үчүн алдын ала тандалып алынган.

Сынактын финалы 20-декабрда Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо өтөт. Сынактын жеңүүчүлөрү Кыргызпатенттин баалуу сыйлыктары менен сыйланат.